Маалымдама иш жүзүндө эң көп кездеше турган, эмгек мыйзамдарын колдонуунун ар кандай маселелери боюнча практикалык түшүндүрмөлөрдү камтыйт. Маалымдамага мамлекеттик жана коомдук (кесиптик бирлик) эмгек инспекторлорунун түшүндүрмөлөрү жана консультациялары, ченемдик укуктук актылардан, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карата комментарийлерден жана эмгек укугу боюнча окуу китептеринен кыскача үзүндүлөр кирет. Маалымдамада глоссарий, терминдердин сөздүгү, ошондой эле эң көп колдонулган документтердин үлгүлөрү камтылган.
Маалымдама мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, иш берүүчүлөргө, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилерине, юридикалык жана кадр кызматынын кызматкерлерине, кесиптик бирлик уюмдардын өкүлдөрүнө жана катардагы кызматкерлерге, ошондой эле окуу жайлардын студенттерине жана окуучуларына арналган.
Жыйнакта 2022-жылдын июнь айына карата эмгек мыйзамдарынын ченемдери топтолгон.
Бул басылма Кыргыз Республикасындагы Шериктештик борборунун (жетекчиси Лола Абдукадырова) финансылык жана техникалык колдоосунун аркасында жарыкка чыкты.
Кыргызстан профсоюздар федерациясы
996 312 613238
Брейво Вячеслав Георгиевич
996 702 551128
Мухамет уулу Бекжан
996 701 858514
Джаналиев Назар Асанкулович
996 705 613217
ОБРАТНАЯ СВЯЗЬ E-MAIL: fpk.kg00@mail.ru