Төмөнкү учурларда башка ишке которулду деп таанылат:

а) иш берүүчү тарабынан кызматкерге эмгек келишиминде каралбаган, б.а. башка кесип, квалификация, кызмат орду боюнча иш тапшырылса же ошол эле ишканада (уюмда) келишимдин башка шарттары өзгөртүлсө;

б) кызматкер ошол эле администрациялык-аймактык чектерде, ошол эле кызматта болгон күндө дагы башка иш берүүчүгө которулса;

в) уюм менен бирдикте башка чөйрөгө иштөөгө өтүү;

г) эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары начарлаган бардык учурларда.

Которууда эмгек келишиминин (эмгектин) кандай гана шарттары болбосун, жакшы же жаман жагына карабай өзгөрүп турат. Мисалы, кызматы, квалификациясы, маянасы, иштөө убактысы ж.б.

Кызматкердин макулдугусуз ошол эле ишканадагы башка ишке, башка уюмга же башка жерге которууга өндүрүштүк зарылчылыктан же бош туруп калуудан башка учурларда жол берилбейт. Макулдук иш туруктуу же убактылуу экендигине карабастан, конкреттүү ишти жана эмгек шарттарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирилиши керек.