Ишке орношуудагы сыноо мөөнөтү — иш берүүчү кызматкерди анын компетенттүүлүгүн текшерген убакыт.

Бул убакыттын ичинде иш берүүчү кызматкердин кесиптик ишмердүүлүгүнө, ошондой эле анын эмгек ишмердүүлүгүнүн башка аспектилерине, мисалы, анын кесиптештери менен мамилеси кандай өнүгүп жатканына көз салат.

Сыноо мөөнөтү  ишке орношуу үчүн милдеттүү шарт эмес, бирок бул иш берүүчүгө да, кызматкерге да зарыл.

Сыноо эмгек келишиминде чагылдырылышы керек. Эгерде ал жок болсо, анда бул кызматкер сыноо мөөнөтү жок жумушка алынган дегенди билдирет.

Сыноо мөөнөтү үч айдан, ал эми жетекчилер, алардын орун басарлары жана башкы бухгалтерлери үчүн алты айдан ашпоого тийиш.

Бул мезгилде бардык эмгек мыйзамдары кызматкерге карата колдонулат.

Кандай учурларда сыноо мөөнөтүн белгилөөгө болбойт?

        — 18 жашка чыга элек жарандарды ишке кабыл алууда;

— сынак боюнча тандалып алынганда;

— акы төлөнүүчү иш үчүн тандалган  кызматка шайлангандар;

— 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөндөргө;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата;

— башка иш берүүчүдөн которуу тартибинде жана башка учурларда иштөөгө чакырылса.

Кызматкер сыноодон өтпөй калса, иш берүүчү үч күндөн кечиктирбестен кызматкерге жазуу жүзүндө билдирүү менен белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин келишимди бузууга укуктуу.

Ошол эле учурда, кызматкер кайсы милдеттерди аткара алган эмес жана эмнеси иш берүүчүнү канааттандырбай калгандыгынын себептери сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек,.

Кызматкерда ушундай элек укуктарга ээ. Эгерде сыноо мезгилинин ичинде ал сунушталган жумуш ага ылайык эмес, ылайык келбейт деген тыянакка келсе, анда ал өз каалоосу боюнча эмгек келишимин, ал дагы иш берүүчүгө 3 күн мурда жазуу жүзүндө билдирүү менен бузууга укуктуу.

Эгерде сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин иш берүүчү эмгек келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл албаса, кызматкер сыноо мөөнөтүнөн өттү деп эсептелет жана ишин улантат.