Өргүү  графиги — бул өргүү  берүү  тартибин аныктаган жергиликтүү ченемдик укуктук акт.

Өргүү   графиги ишкананын жетекчиси тарабынан кесиптик бирлик менен макулдашуу боюнча календардык жыл башталганга чейинки 2 жумадан кечиктирилбестен бекитилет.

Эреже катары, иш берүүчү кызматкерлерден пландаштырылган эс алуу күндөрү жөнүндө зарыл маалыматтарды алат.

Кызматкерлерден алынган маалыматтарды эске алуу менен өргүү  графиги түзүлөт.

Өргүү графигинде уюмдун бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине келерки календардык жылга акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү убактысы жөнүндө маалыматтар, айларга бөлүнүп берилет.

 Өргүү   графиги иш берүүчү үчүн сыяктуу эле, кызматкер үчүн да милдеттүү документ болуп саналат.

Өргүү  графиги кызматкерлерге жылдык эс алуу укугун берет жана иш берүүчүгө төмөнкүлөргө жардам берет:

•   өргүү  башталганга чейинки кеминде үч күн ичинде берилүүчү өргүүсүн алдын ала уюштуруу жана өргүү акысын өз убагында төлөө;

• зарыл учурда, өргүүгө кетип жаткан кызматкердин ордуна ылайыктуу адамды табуу;

• кызматкерлерге өргүүлөрүн өз убагында берилишин контролдоп туруу жана пайдаланылбай калган өргүү күндөрүнүн топтолушуна жол бербөө.

Эгерде кызматкерде мурунку иш мезгилдери үчүн пайдаланылбай калган күндөрү болсо,    анда кызматкер бул өргүү күндөрүн пайдаланууга укуктуу.

Иш берүүчү мындай өргүү күндөрүн кийинки календардык жылдын өргүү графигине киргизүүгө же кызматкер менен макулдашуу боюнча берүүгө милдеттүү. Пайдаланылбаган күндөр үчүн компенсация төлөнүшү мүмкүн.

Бекитилген өргүү графиги кол койдуруу менен бардык кызматкерлерге тааныштырылат.

Мындан тышкары, иш берүүчү эки жумадан кечиктирбестен ар бир кызматкерге өргүүсүнүн башталышы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Графиктеги жыл сайын төлөнүүчү негизги өргүү күндөрүнөн тышкары, үстүбүздөгү жылдын ичинде кызматкерлер тарабынан пайдаланылбаган, демек, кийинки жылга өткөрүлгөн кошумча өргүүлөр жана өргүүлөр да көрсөтүлөт.