Кызматкерлер эмгек акынын компоненттери жөнүндө толук маалымат алууга укуктуу.

Айлык кандай бекитилген,кандай пособиелер жана кошумча төлөмдөр, бонустар каралган жана ушул сыяктуулар. Анын чегерилген эмгек акысынан кандай салык, камсыздандыруу жана башка чегерүүлөр жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 162-беренесине ылайык, иш берүүчү кызматкерге эмгек акыны төлөгөндөн кийин эмгек акы төлөөдө эсептешүү баракчасын берүүгө милдеттүү. Бул айына бир жолудан кем эмес аткарылат.

Бул документ төмөнкү маалыматтарды чагылдырат:

— эмгек акынын түзүүчү бөлүктөрү;

— чегерилген эмгек акынын өлчөмү;

— чегерүүлөрдүн суммасы, анын ичинде киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү, кесиптик төгүмдөр, алимент;

— кассага түшүүгө же банктык эсепке которууга тийиш болгон сумма.

Иш берүүчү бардык кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө эсептешүү баракчасын берүүгө милдеттүү.