Уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде эмгек мамилелерин жөнгө салуу, иш берүүчү менен кызматкердин укуктарын жана милдеттерин белгилөө максатында жергиликтүү актылар чыгарылат.

Ал эми эң маанилүү негизги документтердин бири Жамааттык келишим.

«Жамааттык келишим» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген.

Ошентип, Жамааттык келишим уюмдагы эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелерди, ошондой эле иш берүүчүнүн кесиптик бирликтер менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик акт болуп саналат.

 Бул уюмдагы оюндун негизги эрежелерин — тараптардын укуктарын жана милдеттерин, мамилелердин шарттарын, эмгекти жөнгө салуунун негизги шарттарын белгилеген ички «Конституциянын» бир түрү.

Иш берүүчү менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелеринин айрым өзгөчөлүктөрү Жамааттык келишим менен жөнгө салынат.

Жамааттык келишимдин мазмуну жана түзүмү тараптар тарабынан аныкталат. Эмгек жамааты, кесиптик бирлик комитети, ошондой эле администрациянын өкүлдөрү тигил же бул пунктту кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө укуктук, экономикалык жана башка негиздемелери бар өз сунуштарын даярдашат.

Тараптар келип түшкөн сунуштарды талкуулап, макулдашылган текстти түзүшөт. Жамааттык келишимдин акыркы тексти эмгек жамааты менен таанышууга жана андан ары чогулушта бекитүүгө жиберилет.

Кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүнүн атынан иш алып барган кызматкерлердин өкүлдөрү тарабынан жамааттык келишимдердин процессинде каралуучу маселелердин спектри абдан кеңири болушу мүмкүн.

Колдонуудагы эмгек мыйзамдары милдеттүү түрдө Жамааттык келишимде чагылдырылууга тийиш болгон негизги жоболорду белгилейт. Ошол эле учурда кесиптик бирликтер жана иш берүүчү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  ар бир тараптын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун мүмкүн болушунча толук камсыз кыла турган мындай жоболорду өз алдынча тандап алууга жана кабыл алууга укуктуу.

Бирок,  ошол эле учурда иш берүүчү Жамааттык келишимге айрым пункттарды киргизүүдөн бир тараптуу баш тартышы мүмкүн. Анткени  жумушка алуу жана бошотуу укугу жана башка өзгөчө ыйгарым укуктар ага таандык. Финансылык абалы, өнүгүү келечектери, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат ишкананын администрациясына таандык. Бул учурда кандай болуу керек?

Иш берүүчү сүйлөшүүлөрдөн бир тараптуу баш тарта албайт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 42-беренелери жана “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренелери Жамааттык келишимге милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш болгон жоболорду аныктайт.

Алсак, Жамааттык келишим кызматкерлер менен иш берүүчүнүн төмөнкү маселелер боюнча өз ара милдеттенмелерин камтууга тийиш:

— эмгекти уюштурууну жакшыртуу жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу;

— эмгек акы төлөөнүн нормасы, формалары, системалары, тарифтик чендердин жана эмгек акылардын өлчөмү, аларга кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар жөнүндө;

— эмгек акыны индексациялоо, жөлөк пулдарды жана компенсацияларды төлөө жөнүндө;

— мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияларды төлөө тартиби жөнүндө;

— жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын, өргүүлөрүнүн узактыгы тууралуу;

— коопсуз эмгек шарттарын түзүү, саламаттыкты коргоону жакшыртуу жөнүндө;

— ички эмгек эрежелерин жана эмгек тартибин жөнгө салуу боюнча;

— бошотулган кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча;

— кызматкерлердин  саламаттыгын чыңдоо жөнүндө;

— массалык түрдө кыскартууларды, эмгек  чыр-чатактарын жана иш таштоолорду болтурбоо тууралуу;

— уюмга келтирилген зыян үчүн кызматкерлердин жана иш берүүчүнүн жоопкерчилиги жөнүндө;

— Жамааттык келишимдин талаптарынын аткарылышы үчүн тараптардын жоопкерчилиги жөнүндө;

— тараптар тарабынан аныкталган башка маселелер.

Мисалы, Жамааттык келишимге төмөнкү пункттар киргизилиши мүмкүн:

— кошумча акы төлөнүүчү өргүүлөрдү, үстөк акыларды белгилөө (мисалы, чет тилин билгендиги үчүн, иш стажы үчүн, насаатчылык үчүн ж.б.);

— кесиптик бирлик комитетинин администрациясынын демилгеси боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу маселесин макулдашуу, ошондой эле кесиптик бирликтин өкүлүнүн катышуусу менен тартип бузууларды кароо;

— иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо үчүн каражаттын бөлүнүшү (мисалы, кээ бир уюмдарда иш берүүчү өз каражаттарынын эсебинен эмгек акынын фондунун 1-2%ын ай сайын кесиптик бирликтин эсебине ушул максаттар үчүн которуп турат); — тиш протездөө үчүн жана уюм чыгарган продукцияны кредитке же олуттуу арзандатуулар менен сатып алуу жана башка көптөгөн нерселе үчүн каражат бөлүп берүү.