Эмгекти жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү — ошол эле маселелер боюнча жалпы эрежелерди колдонууну жарым-жартылай чектөөчү же кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кошумча эрежелерди кароочу ченемдер.

Иш берүүчү кызматкерди мурда иштеген жеринен ошол уюмдун ошол эле жердеги башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнө иш тапшыруусу, башка механизмде же агрегатта иштөөнү тапшыруусу, эгерде бул эмгек иш-милдетин өзгөртүү жана эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү болуп саналбаса, орун жылыштыруу деп таанылат.