Жашоо минимуму –  адам организминин нормалдуу иштешин камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн жетиштүү тамак-аш азыктарынын комплексинин наркы,, ошондой эле калктын негизги социалдык-маданий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу жыйындысы. . Бул шарттуу керектөө себетинин наркы — негизги азык-түлүк товарлары (нан, жашылчалар жана жемиштер, кант, туз, чай, эт, балык, сүт, май), азык-түлүк эмес товарлар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде турак жай жана коммуналдык чарба.

Жашоо минимумунун үч түрү бар — эмгекке жарамдуу курактагы чоңдор, балдар жана пенсионерлер үчүн.

Ай сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан аныкталат.