Тартиптик жаза колдонуу жол-жобосу кандай?

• Биринчиден, кызматкердин жосунсуз жоруктарын акт же баяндама кат, же башка далилдер менен каттоо керек. Бул туура эмес жүрүм-турум фактысын жана датасын ырастоого, тартип бузуунун оордугун баалоого жардам берет.

• Андан кийин, сиз кызматкер бузган милдеттенме документтештирилгенби же жокпу жана кызматкер   зарыл документ менен кол коюу аркылуу таанышкандыгын текшерүү керек. Мисалы, жазуу жүзүндө, офис-менеджердин милдеттерине белгилүү бир мөөнөттө бухгалтерияга документтерди өткөрүп берүүнү камтыбайт. Бул учурда, бухгалтерия салыктык санкциялардын салынышына алып келген бухгалтердик эсепке алууда ката кетирсе дагы, мындай документтерди өткөрүп бербегендиги үчүн кызматкерди жазалоо кыйын болот.

  •  Иш берүүчү жаза колдонуудан мурун кызматкерден жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылууга тийиш. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу тиешелүү акт менен таризделет, ал атайын журналда катталууга тийиш. Ошол эле учурда кызматкердин түшүндүрмөлөрүнүн жоктугу тартиптик жаза колдонууга тоскоолдук болуп саналбайт.
  • Андан ары уюмдун ыйгарым укуктуу жетекчиси тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук чыгарат, ал жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат. Бул кызматкердин жумуштан алыс болгон убактысын камтыбайт. Айтмакчы, тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрукта кызматкер кайсы ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузганын көрсөтүү максатка ылайыктуу.
  • Эгерде кызматкер тартип жазасын колдонуу жөнүндө буйрук менен таанышуудан баш тартса, анда бул жөнүндө акт түзүлүп, ал дагы атайын түзүлгөн журналга жазылат.
  • Тартип жазасын (эскертү, сөгүш же кызматтан бошотуу), башкача айтканда, тартип бузуу аныкталган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен Буйрук чыгаруу зарыл. Бул убакытка кызматкердин ооруп калган мезгили, анын өргүүсүндө болгон мезгили, ошондой эле, эгерде ал уюмда болсо, кесиптик бирликтин пикирин эске алуу үчүн талап кылынган убакыт кирбейт.
  • Дагы бир чектөө- тартип  жазасы тартип бузууга жол берилген күндөн тартып 6 айдан кийин, ал эми ревизиянын, финансылык-чарба  ишин текшерүүнүн же аудиттин жыйынтыгы боюнча – ишке ашырылган күндөн тартып 2 жылдан кийин колдонулушу мүмкүн эмес.