Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери — бул Эмгек кодексине жана башка мыйзамдарга ылайык кызматкерлерди кабыл алуунун жана бошотуунун тартибин, эмгек келишиминин тараптарынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, уюмдун иш убактысы, эс алуу убактысы, кызматкерлерге карата колдонулуучу сыйлоо жана жаза чаралары жана уюмдагы эмгек мамилелерин жөнгө салуунун башка маселелерин жөнгө салуучу уюмдун локалдык ченемдик актысы.