Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-беренесинде тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимин бузуу каралган.

Бул эки тарап бири-бирине эч кандай дооматтары жок, алар үчүн жагымдуу шарттарда эмгек мамилелерин токтотууга макул болгон оптималдуу жана көп колдонулган бошотуу түрлөрүнүн бири болуп саналат.

Бул үчүн тараптар бардык шарттар каралган, жазуу жүзүндө келишим түзүшөт.

Мисалы, кызматкер жумуштан кетип, уюмга эч кандай дооматы жок, ал эми иш берүүчү ага белгилүү бир өлчөмдө акча — иштен чыгуу жөлөкпулун төлөп берет.

Эмгек келишимин бузуу күнү кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат жана документте белгиленет. Тараптардын макулдашуусу боюнча кайсы болбосун — туруктуу, мөөнөттүү, убактылуу же сезондук, негизги жумуш боюнча же айкалышытрып иштөө боюнча  келишим бузулушу мүмкүн.