Кызматкердин ден соолугунун абалына байланыштуу ээлеген кызматына же аткарган ишине ылайык келбеши эмгек келишимин бузуу үчүн негиздердин бири болуп саналат.

Эмгек шарты зыяндуу жана кооптуу оор жумуштарда иштеген жумушчулар, бийик тоолордо иштегендер, жол кыймылына байланыштуу жумуштар ж.б. милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча медициналык комиссиялар корутунду чыгарышат, ага ылайык кызматкердин ээлеген кызматына ылайык келбегендиги ырасталышы мүмкүн.

Комиссия кызматкерди бул ишти аткарууга уруксат бербөө жөнүндө корутунду чыгара алат. Эгерде ишканада жеңилирээк жумуш болсо, анда иш берүүчү аны сунуштоого тийиш. Маселен, кранчы ден соолугуна байланыштуу мындан ары крандын үстүндө иштей албайт, бирок салмоордун жумушун иштей алат.

Ал эми ылайыктуу жумуш жок болсо же кызматкер баш тартса, анда ал Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 3-пунктунун а) пунктчасы боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө бошонуу жөлөкпулун төлөө менен бошотулат.