Мурда белгилегендей эле, эмгек мамилелери кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда алар түзгөн эмгек келишиминин негизинде түптөлөт. Мындан тышкары, эмгек мамилелери, эгерде эмгек келишими түзүлбөсө дагы, жетекчинин уруксаты же тапшыруусу боюнча айкын жол берүүнүн негизинде түзүлүшү мүмкүн. Бирок бул иш берүүчүнү эмгек келишимин түзүү милдетинен бошотпойт.

Эсиңизде болсун, эмгек келишими жазуу жүзүндө, эки нускада түзүлүп, тараптардын колу коюлат. Администрация тарабынан жумушка алууга укугу бар кызмат адамы гана (башкы директор, башкарманын төрагасы, төрага, башка жетекчи) кол коет. Документ уюмдун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Түп нусканын бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө сакталат.

 Эмгек келишими түзүлгөндөн кийин үч күн ичинде иш берүүчү жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрук берүүгө милдеттүү, аны менен кызматкерди кол коюу менен тааныштыруу зарыл.

Ишке кабыл алууда иш берүүчү кызматкерди уюмда колдонулуп жаткан ички эмгек тартиби, кызматкердин эмгек функциясына тиешелүү башка жергиликтүү ченемдик укуктук актылар, жамааттык келишим, макулдашуулар менен тааныштырууга, белгиленген тартипте кызматкерди эмгекти коргоо боюнча көрсөтмө берүүгө, белгиленген тартипте кызматкердин эмгек китепчесин жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү.

 Эмгек келишими — кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишим, ага ылайык иш берүүчү кызматкерди белгиленген эмгек функциясына ылайык иш менен камсыз кылууга, ушул Кодексте, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, эмгек укугунун ченемдерин камтыган жамааттык келишимде, макулдашууларда, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда каралган эмгек шарттарын камсыз кылууга, кызматкерге эмгек акысын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөп берүүгө милдеттенет, ал эми кызматкер ички эмгек тартибин сактоо менен белгилүү бир кесип (адистик), квалификация же кызмат боюнча ишти жеке өзү аткарууга милдеттенет. (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 53-беренеси)