Кызматкердин  эмгек акысынан милдеттүү салыктык чегерүүлөр  жана камсыздандыруу төгүмдөрү  кармап калынат. Азыркы учурда, эреже катары, алар киреше салыгынын 10% жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрдүн 10% түзөт (иштеп жаткан жарандардын айрым категориялары үчүн чегерүү чендерин колдонуу жол-жобосунун өз өзгөчөлүктөрү бар).  Ошондой эле кызматкерлер  жеке арыз менен кайрылган учурда кызматкердин эсептелген эмгек акысынын 1%нан кем эмес өлчөмүндө профсоюздук мүчөлүк акылар кармалат.

Мындан тышкары, иш берүүчү кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго өз каражаттарынын эсебинен эмгек акынын жалпы фондунун 17,25% өлчөмүндө кошумча төлөп турат.