Ар бир адам татыктуу туруктуу жана эң негизгиси жакшы айлык акы төлөнүүчү жумушка ээ болгусу келет. Мындай жумуш болгон учурда да, тилекке каршы, эмгек талаш-тартыштары пайда болот.

Укуктарды коргоонун соттук формасынан тышкары, эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн медиациялык формасы бар.

Бул шайман  Кыргызстанда жакында эле колдонула баштады.

Медиация – өз ара алгылыктуу чечимге жетүү үчүн үчүнчү кызыкдар эмес тараптын жардамы менен талаш-тартышты жөнгө салуу жол-жобосу.

Сиз медиацияны талашып жаткан эки тараптын тең каалоосу менен келген ыктыярдуу жарашуу жол-жобосу катары түшүнүшүңүз керек.

Медиация процессинин өзү мындай көрүнөт: медиатор медиациялык жолугушуунун убактысын жана ордун белгилейт, бул жолугушууга талаш-тартыштын тараптары гана катышат жана зарыл болгон учурда алардын өкүлдөрү да катышат.

Медиация жабык эшик артында өтөөрүн жана медиация процессинде белгилүү болгон маалымат купуялуу экенин түшүнүшүңүз керек. Медиация процессинде тараптар бири-биринин алдында толук тең укуктуу. Мисалы, бир тарапка 10 мүнөт берилсе, экинчи тарапка да дал ушундай убакыт берилет.

Эсиңизде болсун, медиатор чечим чыгарбайт, тараптар өздөрү бир чечимге келишет. Чечим медиация келишими менен бекитилет.

Эгерде медиациянын жүрүшүндө бир чечимге келе албасаңыз, анда сиз каалаган убакта медиация жол-жобосун токтотуп, соттук териштирүүгө кайра кайрыла аласыз.

Медиациянын эң чоң артыкчылыгы, эгерде сиз медиациялык макулдашууга келсеңиз, анда сиз келишимде медиация келишимин ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрүн жана аны аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилейсиз.

Эгерде сиз талашты сотто чечкен болсоңуз, анда чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришин күтүшүңүз керек болот, андан кийин гана аткарууга өтүңүз, б.а. сот аткаруучуларга кайрылыңыз. Бул процедуранын баары сизге абдан көп убакытты талап кылат.