Келгиле, бир ишти карап көрөлү. Жумушчу жумуш учурунда жаракат алган.

Иштеги бекитилген тартип менен кырсык өз убагында иликтенген. Комиссия жабырлануучунун күнөөсүн 20% өлчөмүндө аныктады. Н-1 формасынын актысы түзүлүп, ал иш берүүчү тарабынан бекитилип, ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн. Бул документ юридикалык документ болуп саналат, анын негизинде иш берүүчү келтирилген зыянды төлөп берет.     

Медициналык-социалдык эксперттик комиссия эмгекке жарамдуулугун алтымыш пайызга жоготуу менен эмгектик мертинүү боюнча үчүнчү топтогу майыптуулукту белгилеген.

Бул учурда бир жолку жөлөкпул эмгекке жарамдуулугун жоготкондугун жана жабырлануучунун күнөөсүн эсепке алуу менен орточо жылдык үч эмгек акыны түзөт.

Ай сайын төлөнүүчү жоголгон эмгек акынын өлчөмү да аралаш жоопкерчиликти жана эмгекке жарамсыздыкты эске алуу менен аныкталат.

Конкреттүү эсептөө мисалы.

Жабырлануучунун орточо айлык акысы 15550 сомду түзгөн, ошондуктан аралаш жоопкерчиликти эске алуу менен бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү төмөндөгүдөй болот:

15 550 сомду 12 айга көбөйтүп, үч жылга көбөйтсө, 559 800 сом болот.

559 800 сом х 60 пайыз = 335 880 сом.

335 880 сом х 20 пайыз жабырлануучунун күнөөсү = 67 176 сом.

335 880 сом — 67 176 сом — жабырлануучунун күнөөсү = 268 704 сом.

Аралаш жоопкерчиликти жана жабырлануучунун кесиптик жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын эске алуу менен жоголгон эмгек акынын өлчөмү:

15 550 сом х 60 пайыз эмгек жарамдуулугун жоготуу = 9 330 сом.

9 330 сом х 20 пайыз жабырлануучунун күнөөсү = 1 866 сом.

9 330 сом – 1 866 сом = 7 464 сом. 

Зыяндын ордун толтуруунун суммаларына киреше салыгы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү салынбайт.