Кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, үй-бүлөлүк же башка жүйөлүү себептер боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү же акы төлөнбөгөн өргүү берилиши мүмкүн.

Мындай өргүүнүн узактыгы иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы макулдашуу же жамааттык келишим  боюнча аныкталат.

Өргүү буйрук менен таризделет жана бул убакыттын ичинде кызматкер жумуш ордун сактап калат жана аны иштен бошотууга болбойт.

Айрым учурларда иш берүүчү кызматкерге анын өтүнүчү боюнча мындай өргүү берүүгө милдеттүү. Атап айтканда — Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына, чернобылчыларга, майыптыгы бар адамдарга, бала төрөлгөндө, никени каттоодо, жакын туугандары каза болгондо жана башка учурларда.

Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди эмгек акысы сакталбастан өргүүгө жөнөтүүгө жол берилбейт.