Ыраазычылык билдирүү, сыйлык, баалуу белек, Ардак грамота же төш белги алуу, мыкты кызматкер деп таануу – булар жакшы иштегендги үчүн сыйлыктар жана шыктандыруулар.

Аткарылган иш үчүн моралдык жана материалдык кызыктыруу кызматкерлерди ого бетер жан дили менен жана жемиштүү эмгекке шыктандырат.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди эмгектин алгылыктуу иш шарттары үчүн сыйлоо шарты каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 токтому менен бекитилген Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тизмесинин V бөлүгүнө ылайык эмгек акыга төмөнкүдөй сыйлыктар   кирет:

— белгиленген тапшырмаларды, иш-чараларды жана кызматтык милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн;

— өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн;

— иштин негизги, акыркы натыйжалары үчүн;

— узак мөөнөттүү жана кынтыксыз иши үчүн;

— отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин жалпы иш  жыйынтыгы боюнча;

— мамлекеттик;

— автордук сыйлыктар.

Кызматкерлерди ишке демилгелөөнүн ар кандай түрлөрү жамааттык келишимде же уюмдун ички эмгек тартибинде, ошондой эле уставдарда жана тартип жана сыйлыктар жөнүндө жоболордо аныкталат. Коомго жана мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн кызматкерлер, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөр аркылуу иш берүүчүлөр тармактык жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бардык кызматкерлер эмгеги үчүн көбүрөөк акы алууга кызыкдар. Сый акылар – бардык кызматкерлерге эле эмес, жакшы иштегендерге түздөн-түз эмгектин жыйынтыгы боюнча төлөнүүчү кошумча киреше булагы.

Демек, сыйлоо системасы адилеттүү жана эффективдүү болушу керек.

 Белгилүү бир иштөө мезгили, ай, чейрек, жыл үчүн сый акылар бар. Сый акылар иштин белгилүү бир натыйжалары, планды ашыра аткаргандыгы, долбоордун аткарылышы, ишти коопсуз жана кемчиликсиз аткаргандыгы үчүн болушу мүмкүн. Өндүрүш процессине түздөн-түз тиешеси жок жетишкендиктер үчүн да сый акы белгилениши мүмкүн: уюм үчүн эсте каларлык даталарга, кызматкерлердин юбилейлерине, календарлык жана кесиптик майрамдарга; уюмдун имиджин көтөрүүчү иш-чараларга — көргөзмөлөргө, форумдарга, сынактарга, мелдештерге катышкандыгы үчүн.