Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 231-беренесине ылайык жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун түрлөрүнүн бири кошумча чыгымдардын ордун толтуруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 244-беренесине ылайык, зыян келтирген иш берүүчү жоголгон эмгек акысынын ордун толтуруудан тышкары, өндүрүштүк мертинүүдөн улам келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

Кошумча чыгымдар: кошумча тамак-ашка, дары-дармек сатып алууга, протездөөгө, бөтөн адам же анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылган жабырлануучуну багуу үчүн, санаториялык-курорттук дарылоо, анын ичинде жабырлануучунун ошол жерге болгон жол кире акысын төлөө. дарыланууга жана артка кайтууга кеткен чыгымын төлөө, ал эми зарыл болгон учурда аны коштоп бара жаткан адамга да атайын автотранспортторду жана күйүүчү майларды сатып алууга, бул транспорт каражаттарын капиталдык оңдоого кеткен жана эгерде жабырлануучу аларды мыйзамда каралган негиздер боюнча тиешелүү уюмдардан башка жолдор менен бекер албаса, башка чыгымдар.  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кошумча чыгашалардын өлчөмү эсеп-фактуралардын, чектердин, тиешелүү уюмдардын көрсөтмөлөрүнүн жана башка документтердин негизинде же болбосо жабырлануучу бул чыгымдарды тарткан жердеги баалар боюнча аныкталат.