Ар бир өнүккөн мамлекетте жумушчулардын өмүрү жана ден соолугу негизги баалуулук катары каралат. Көптөгөн өлкөлөрдө бул маселе боюнча кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратууда.  Маселен, биздин республикада эмгекти коргоонун жана коопсуздуктун нормаларын жана эрежелерин бузуунун натыйжасында эмгектин канааттандырарлыксыз шарттарынан улам жыл сайын 1000ден ашык өндүрүштүк кокустуктар болуп, анын ичинде 40ка чейин адам өлүмгө дуушар  болгондугун биздин республикада өндүрүштүк мертинүүнүн   болгонун профсоюздук статистикасы көрсөтүп турат,  200дөн ашууну өндүрүштүк жаракаттан улам майып болуп калышты. 800дөн ашык өндүрүштүк кырсыктар үч же андан көп күнгө созулган бейтап баракчаларды алууга алып келген.

Эмгекти коргоо    — бул кызматкерлердин эмгек милдеттерин аткарууда өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган чаралардын жыйындысы.

Эмгекчилердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо мамлекеттик жана профсоюздук саясаттын эң актуалдуу багыттарынын бири болуп саналат, ал эмгектин коопсуз шарттарын түзүүгө көмөктөшөт.

Бул милдет ишкананын децгээлинде, ар бир бөлүмдө, цехте жана конкреттүү жумуш орундарында чечилет. Анткени, эмгекти коргоо жагындагы бүткүл мамлекеттик саясаттын ийгилиги ишканаларда коопсуз эмгек шарттары канчалык ийгиликтүү  камсыз кылынгандыгына жараша болот.

Рынок экономикасын, айрыкча негизги звенолордун бири — эмгек рыногун калыптандыруу — ири ишканаларда эмгек мамилелеринин ролун, ошондой эле чакан ишканаларда,  бюджеттик уюмдарда жана мекемелерде чет  өлкөлүк капиталдын катышуусу менен ишканаларда эмгек мамилелеринин өзгөчөлүктрүн кайра түзүүнүн кечиктирилгис милдети болуп саналат.

Эмгек рыногу – бул белгилүү бир продуктуну – жумушчу күчүн сатуу жана сатып алуу менен байланышкан экономикалык мамилелердин жыйындысы, мында эмгек эмгек акыга алмаштырылат.

Эмгек рыногунда өндүрүш каражаттарынын ээси (иш берүүчү) менен жумушчу күчүнүн ээси (кызматкер) жолугушат, алардын ортосунда соодалашуу болот.

Иш берүүчү эмнени каалайт? Кандай гана баа болбосун жана негизинен эмгекти эксплуатациялоонун жогорулашынын эсебинен чоң пайда. 

Кызматкер эмнени каалайт? Жумуш орду, татыктуу эмгек акы жана коопсуз эмгек шарттары.