40 саат жумасына максималдуу иш убактысы болуп саналат. Күнүмдүк иш убактысы 8 саатты түзөт. Жана бул чектен ашууга болбойт.

Мисалы, жумуш күнү эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жана  түшкү тамакка бир сааттык тыныгуу берилиши-нормалдуу көрүнүш.

Эмгек келишимдеринде тараптардын макулдашуусу боюнча кыскартылган иш убактысы каралышы мүмкүн.

Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кыскартылган жумуш убактысы белгиленет:

Ошентип, 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек жумушчулар жумасына 24 сааттан, 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар жумасына 36 сааттан ашык эмес убакытка иштей алышат;

Оор физикалык жумуштарда, эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн да кыскартылган — жумасына 36 сааттан ашык эмес жумуш убактысы белгиленет;

Ушундай эле лимит   I жана II топтогу майыптыгы бар, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер үчүн белгиленет.

Иштери көбүрөө акылды, нервди, эмоционалдык стрессти талап кылган   кызматкерлердин айрым категориялары үчүн (врачтар, мугалимдер жана башкалар) үчүн кыскартылган жумуш убактысы, эреже катары,  күнүнө 6 саат белгиленет. Бул чектөөлөр иш убактысынын жалпыланган  тартипте белгиленген кызматкерлерге, мисалы, вахталык жумушчуларга жайылтылбайт.