Ооруп калуу жана жаракат алуу, оорулуу үй-бүлө мүчөсүн багуу, карантиндик, санаториялык-курорттук дарылануу, протездөө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча муктаждык болгон учурда кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пул төлөнүп берилет.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык (ден соолугунун убактылуу бузулушу) — камсыздандырылган адамдын ден соолугунун убактылуу бузулушунан улам, ага ден соолугун калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө медициналык жардам көрсөтүү менен коштолгон, медициналык көрсөтмө боюнча эмгекке же башка иш жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуусу.

Эмгекке жарамсыздык баракчасы ооруп калгандыгы боюнча өргүүнү төлөө үчүн негиз болуп саналат. Кызматкер жумушка чыккан күнү эмгекке жарамсыздыгы тууралуу маалымкатты көрсөтөт. Иш берүүчү эмгек өргүүсүн эмгек акы жана эмгек стажын эсепке алуу китебине каттайт жана тиешелүү белгилерди коет.

        Иш берүүчү бул жөлөк пулдарды бардык жумуш күндөрү үчүн өз каражат  эсебинен төлөйт.

Бирок бир өзгөчөлүк бар — кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул иш берүүчүнүн каражаттарынан биринчи он жумуш  күнү үчүн гана төлөнөт.

Ал эми он биринчи жумуш  күнүнөн баштап жөлөк пул республикалык бюджеттен төлөнөт.

Жөлөк пулдар медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан дарыланган же майыптык тобу аныкталган учурга чейин катары менен жыл ичинде төрт айдан ашпаган жана жалпысынан беш айдан ашпаган мөөнөткө төлөнүшү мүмкүн. Кургак учук менен ооруп калууда — ​​12 айга чейин.

Эгерде кызматкер өргүү мезгилинде ооруп калса, анда өргүү ооруган мезгилде үзгүлтүккө учурайт жана өргүү күндөрүн андан кийин пайдалануу үчүн кызматкердин өргүүсүн узартуу жөнүндө арызы талап кылынбайт (Эмгек кодексинин 129-беренеси).  Болгону эмгекке жарамсыздык баракчасын көрсөтүү гана жетиштүү.

  Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулдун өлчөмү төмөнкүдөй учурларда белгиленет:

1) бардык жумуш күндөрү үчүн орточо күндүк эмгек акынын 100 пайызы — ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн тастыктоочу документтерди тапшырганда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: номери, токтомдун датасы:

— эмгек акысынын өлчөмү айына 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдар;

— өндүрүштүк мертинүүнүн же кесиптик оорунун натыйжасында ооруп калган адамдар (анын ичинде бул оорулар өрчүгөндө же күчөгөндө);

— бийик тоолордо жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеген адамдар;

— Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары;

— СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин жана кызматтык милдеттерди аткарууда, ошондой эле Афганистанда же аймагында согуштук аракеттер болгон мамлекеттерде аскердик кызматты өтөп жүргөндө алган жаракатынын жана контузиясынын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон адамдарга;

 — башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан адамдарга;

— 1986-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тыюу салуу зонасынын чегинде катышкан же бул аварияны жоюу учурунда башка жумуштарды аткарган адамдарга;

— нурлануу оорусу менен ооруган жана ооруп айыккан адамдарга (эмгекке жарамсыздык баракчасында оору «Т66» коду менен жазылган);

— системалуу түрдө кан жана анын компоненттерин акысыз тапшырыр турган донорлорго (эркектер — жылына  кеминде төрт жолу, аялдар — жылына кемингде үч жолу), канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки ай бою;

— залалдуу шишиктер менен ооруп калган адамдар (эмгекке жарамсыздык баракчасында оору «С00-С97» коду менен берилген);

— мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдарга.

    Мында убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдун өлчөмү эмгекке жарамсыз болгонго чейинки үч ай үчүн орточо күндүк эмгек акынын 100%ын убактылуу эмгекке жарамсыздыктын бардык иш күндөрүнө көбөйтүү жолу менен эсептелет;

2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн категорияларга кирбеген адамдар үчүн жөлөк пулдун өлчөмү:

биринчи он жумуш  күнү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык алдындагы үч ай үчүн орточо күндүк эмгек акыны төмөнкүдөй тартипте он жумуш күнүнө көбөйтүү жолу менен аныкталат:

— 60 пайыз — жалпы иш стажы 5 жылга чейинки кызматкерлерге;

— 80 пайыз — жалпы эмгек стажы 5 жылдан 8 жылга чейинки кызматкерлерге;

— 100 пайыз — жалпы иш стажы 8 жылдан ашык кызматкерлерге;

он биринчи жумуш күнүнөн тартып — айына 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.