Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 130-беренесине ылайык, кызматкер менен иш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.

Иш берүүчү кызматкерди өргүүсүнөн чакыртып алууга да укуктуу. Бирок, анын макулдугу менен гана. Өргүүнү пайдаланылбаган бөлүгүн кийинчерээк колдоно алат.

Өргүүнүн 14 календардык күндөн ашкан бөлүгү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсация менен алмаштырылышы мүмкүн.

18 жашка чыга элек кызматкерлерге, ошондой эле оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштеген кызматкерлерге өргүүлөрдү акчалай компенсация менен алмаштырууга жол берилбейт.