Кызматкер

 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкер – бул иш берүүчү менен эмгектик мамилелерге кирген жеке адам болуп саналат.

16 жаш — бул эмгек мамилелерин түзүүгө кире турган курак. Өзгөчө учурларда уюмдун кесиптик бирлик комитети же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 15 жашка толгон адамдар жумушка алынышы мүмкүн.

14 жашка толгон окуучулар мектептен бош убактысында жеңил жумуштарды аткаруу үчүн ата-энесинин биринин (камкорчу же көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзө алышат. Бирок мындай иш ден соолукка зыян келтирбеши керек жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоосу зарыл.

Ата-энесинин (камкорчу, көзөмөлчүсү) макулдугу жазуу жүзүндө берилет, ал эми ата-энеси (камкорчу, көзөмөлчүсү) жашы жете элек бала менен бирге эмгек келишимин түзүшөт.

Кызматкерлер конституциялык эмгек укуктарына ээ.

Алар эмгек эркиндигине, эмгекке болгон жөндөмдүүлүктөрүн тескөөгө, кесипти жана иштин түрүн тандоого, эмгекти коргоого жана коопсуздуктун жана гигиена талаптарына жооп берген шарттарда иштөөгө укуктуу, эмгек акысын алуу укугу мыйзамда белгиленген эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимуму.

Ошондой эле жумушчулар эс алууга, иш таштоого, социалдык жактан коргоого,  кесиптик бирликтерге  кирүүгө укуктуу.

Бул Конституцияда жазылган укуктар.

Бирок Эмгек кодексинде жана башка мыйзамдарда бул укуктар кененирээк ачылып берилген.

Ошентип, кызматкер мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча эмгек келишимин түзүүгө жана аны бузууга укуктуу.

 Кызматкер коопсуз жана ыңгайлуу жумуш ордуна, ошондой эле эмгек шарттары жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

Кызматкер татыктуу эмгек акысын, ошондой эле эмгек акынын курамдык бөлүгү боюнча эсептешүү барагын өз убагында жана толук көлөмдө алууга укуктуу.

Эс алуу укугу, анын ичинде жумалык эс алуу, майрам күндөрү эс алуу, акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүүлөр да негизги укуктарына кирет.

Жумушчулар өздөрүнүн укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди түзө алышат же иштеп жаткан кесиптик бирлик уюмдарга кире алышат. Ошондой эле сүйлөшүүлөргө жана жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катыша алышат.

Кызматкерлер квалификациясын жогорулатуу же жаңы кесипке ээ болуу укугун, ошондой эле башка укуктарын пайдалана алышат.

Бирок, укуктардан тышкары, кызматкерлерге, албетте, белгилүү бир милдеттер да чегерилген.

 Алсак, кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

— эмгек келишими боюнча ага жүктөлгөн эмгек милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга;

— уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;

— эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоого;

— иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин мүлкүнө аяр мамиле жасоого;

— эмгек келишимине ылайык ага ишенип берилген мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

— адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган же башка тобокелдиктер түптөлгөн учурларда орун алган кырдаал жөнүндө иш берүүчүгө билдирүүгө.

Ар бир кызматкер өз укуктарын билүүгө жана колдонууга, албетте, өз милдеттерин абийирдүү жана сапаттуу аткарууга тийиш.

Иш берүүчү

Иш берүүчү — кызматкер менен эмгек мамилелерин түзгөн жеке адам  же юридикалык жак (уюм). Эреже катары, көпчүлүк учурларда, иш берүүчү юридикалык жак, уюм болуп саналат. Ал иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин өзүнүн башкаруу органдары аркылуу ишке ашырат. Бирок иш берүүчү жеке ишкер катары катталган же үй иштерине жардам берүү үчүн жумушчуларды тартуучу жеке адам да болушу мүмкүн.

Иш берүүчү эмгек чөйрөсүндө кандай укуктарга ээ?

Алсак, иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

— кызматкерлерди ишке кабыл алууга жана бошотууга, алар менен эмгек келишимдерин түзүүгө жана бузууга;

— жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга;

— кесиптик бирликтер менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө;

 — өз укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо жана коргоо максатында иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин түзүүгө жана аларга кирүүгө;

— кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан кзыктыруу;

— кызматкерлерден эмгек келишиминин шарттарын аткарууну жана уюмда колдонулуп жаткан эмгек тартибин сактоону талап кылууга;

— кызматкерлерди белгиленген тартипте тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартууга;

— өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылууга.

Биз Иш берүүчүнүн милдеттерине өтөлү.

Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

— мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин шарттарын сактоого;

— кызматкерге эмгек келишиминде каралган жумушту сунуштоо;

— кызматкердин эмгек акысын өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө. Ошол эле учурда бирдей баалуулуктагы ишке бирдей акы төлөө принциби сакталууга тийиш;

— кабыл алынган жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды (эрежелерди, жоболорду, нускоолорду, буйруктарды) белгиленген тартипте кесиптик бирлик менен макулдашууга;

— кесиптик бирликтерге бул процесске тиешелүү маалыматтарды берүү менен кесиптик бирликтер менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле жамааттык келишим түзүүгө;

— уюмда эмгектин коопсуздугун жана эмгекти коргоонун талаптарына жооп берген шарттарды камсыз кылууга;

— кызматкерлерди эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, шаймандар, техникалык документтер жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;

— мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдарынын, ошондой эле кесиптик бирликтин техникалык эмгек инспекциясынын көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарууга;

— кызматкерлерди милдеттүү түрдө социалдык камсыздандырууну, анын ичинде пенсияларды, медициналык камсыздандырууну, камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашыруу;

— кызматкерлерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга;

— ай сайын мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматына шарттарды жана сый акыларды көрсөтүү менен бош орундардын (вакансиялардын) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды берүүгө;

— башка милдеттерди аткаруу.

Профсоюз — эмгекчилердин өкүлчүлуктүү органы

Биригүү эркиндигине укук

Ар бир адам кесиптик бирликтерде биригүү эркиндигине укуктуу. Бул кесиптик бирлик уюмдарын эркин түзүүнү, иштеп жаткан кесиптик бирлик уюмдарына ыктыярдуу кирүүнү да билдирет.

Биригүү эркиндигине укугу – бул, адамдын негизги укуктарынын бири.

Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекемделген жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, Кыргыз Республикасынын “Профсоюздар жөнүндө” мыйзамында, башка мыйзамдарда жана мыйзам алдындагы актыларда кененирээк жөнгө салынган.

Эмгек мамилелери чөйрөсүндө биригүү укугу Эл аралык Эмгек Уюмунун №87 “Биригүү эркиндиги жана профсоюздарга биригүү укугун коргоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган №98 “Профсоюздарга биригүү жанаа жамааттык келишимдерди жүргүзүү укугу боюнча принциптерди колдонуу жөнүндө” Конвенциялар менен да бекитилген.

Биригүү эркиндиги эмгекчилердин эч кандай айырмачылыксыз, эркин, өз каалоосу боюнча алдын ала уруксаты жок кесиптик бирликтерди түзүүгө жана аларга кирүү укугуна ээ экендигин билдирет.

 Кесиптик бирликтер өздөрүнүн уставдарын жана жоболорун өз алдынча иштеп чыгууга, өз өкүлдөрүн эркин тандоого, өз ишин, аппаратынын ишин уюштурууга, өз иш-аракеттеринин программасын иштеп чыгууга, ошондой эле иш таштоого укуктуу.

Кесиптик бирликтер федерацияларды жана конфедерацияларды түзүүгө, эл аралык уюмдарга кирүүгө укуктуу. Алар административдик таркатуудан жана ишин токтото туруудан коргоону колдоно алышат. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары кесиптик бирликтердин тармактык республикалык бирикмелерине кирүүгө укуктуу. Тармактык кесиптик бирликтер өз кезегинде республикалык федерацияларга, федерациялар – конфедерацияларга кире алышат. Мындан тышкары, эл аралык кесиптик бирикмелерге кирүү эркиндиги да гарантияланат.

Биригүү эркиндиги жумушчуларды кесиптик бирликтерге каршы басмырлоодон коргоону да камтыйт. Бул жарандардын эмгектик, социалдык-экономикалык, саясий, жеке укуктарын жана эркиндиктерин кесиптик бирликтерге таандык болгондугуна байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөргө жол берилбестигин билдирет. Кызматкердин кесиптик бирликке мүчөлүгүнө же мүчө эместигине, ага киришине же андан чыгуусуна байланыштуу жумушка кабыл алууну, жумуш ордунда жогорулатууну, ошондой эле иштен бошотууну шарттоого тыюу салынат.

Кесиптик бирликтер иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин кийлигишүүсүнөн коргоого алынышат. Алар өз ишинде көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийишет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, иш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук бирикмелерге отчет беришпейт жана көзөмөлгө алынышпайт. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кесиптик бирликтердин укуктарын чектөөгө же алардын уставдык ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылууга жөндөмдүү ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат.

Кесиптик бирлик түзүү жол-жобосу

Эмгек мамилелеринин негизги тараптары болуп кызматкер жана иш берүүчү саналат. Бирок эмгек мамилелеринин дагы бир катышуучусу бар – ал, кесиптик бирлик. Бул эмгекчилердин өкүлчүлуктүү органы, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын жана таламдарын коргогон коомдук уюм.

Кесиптик  бирлик уюмда, ишканада, мекемеде кызматкерлердин белгилүү бир штаты менен түзүлөт.

Кесиптик бирликти түзүү ыктыярдуу иш жана аны түзүү демилгесин кызматкерлердин өздөрү көтөрүп чыгуулары тийиш. Ушундан улам демилгелүү топ пайда болуп, ал даярдык иш-чараларын жүргүзөт.Кесиптик бирлик түзүүнүн жол-жобосун туура жүргүзүү үчүн бул маселе боюнча кесиптик бирликтеги юристтер менен кеңешүү зарыл. Аларды сиздин ишканаңыз кесипкөй тармагы боюнча таандык болгон, тармактык кесиптик бирлик бирикмелеринен   табууга болот.

Кесиптик бирликти уюштуруу үчүн уюштуруу чогулушун өткөрүү зарыл, ага тиешелүү уюмдун, ишкананын, мекеменин үчтөн кем эмес кызматкери катышууга тийиш. Жолугушууга иш берүүчүнүн өкүлдөрү да чакырылышы мүмкүн. Негизинен чогулуштун администрациясына алдын ала кабарлоо максатка ылайыктуу.

Биринчи чогулушта кесиптик бирликти түзүү чечими кабыл алынат. Ошондой эле эмгекчилер кесиптик бирликти каалаган тармактык республикалык кесиптик бирлик бирикменин курамына кирүү демилгесин билдире алышат. Кесиптик бирлик комитети жана анын төрагасы, зарыл болгон учурда анын орун басары, ошондой эле ревизор же текшерүү комиссиясы шайланат. Кесиптик бирликтин курамы  так болушу керек жана ага уюмдун ар кайсы бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирүүгө тийиш. Сандык курамы кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жалпы санынын негизинде аныкталат. Уюштуруу чогулушунда кесиптик бирлик комитетинин (профсоюздук комитет) биринчи баштапкы курамы бекитилет. Кийинчерээк кесиптик бирликке жаңы мүчөлөр киргенден кийин анын курамы толукталып, жаңыртылышы мүмкүн.

 Биринчи этапта кесиптик бирлик комитетинин төрагасы өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн уюмдагы негизги иш менен айкалыштыра алат. Ал эми кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн саны 300дөн ашкан уюмдарда финансылык мүмкүнчүлүктөр болсо, төраганы негизги иштен бошотуп, кесиптик бирлик комитетинин аппаратына өткөрүү сунушталат.

Чогулуштун чечими протокол түрүндө таризделет, ага төрагалык кылуучу жана катчы кол коет. Кесиптик бирликтин ар бир мүчөсү кесиптик бирликке кирүү жана мүчөлүк акыларды кармап калууга макулдук берүү жөнүндө арыз жазат. Ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү да чогулуштун катышуучулары тарабынан аныкталат. Уставга ылайык, төгүмдөрдүн өлчөмү эсептелген эмгек акынын 1%ынан кем болбошу керек. Бирок ал көбүрөөк болушу мүмкүн, мисалы, 2%. Же болбосо тиги же бул  уюмдагы орточо айлык эмгек акынын негизинде белгиленген өлчөмдө.

Тармактык кесиптик бирликке киргенден кийин баштапкы кесиптик бирлик уюму Кыргыз Республикасынын «Профсоюздар жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык катталган деп эсептелет. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде тиешелүү каттоодон өтүп, юридикалык жак статусун ала алат, б.а. кесиптик бирлик уюму юридикалык жак статусу менен сыяктуу эле, Юстиция министрлигинин органдарында каттоодон өтпөстөн да иштей алат. Мында ал өз ишин тармактык кесиптик бирлик бирикмесинин Уставынын негизинде ишке ашырат.

Кесиптик  бирликтин  негизги функциялары

Кесиптик бирлик жамааттык эмгек мамилелеринин активдуу субъектиси болуп саналат. Ал эмгекчилердин өкүлчүлүктүү органы. Кесиптик бирликтерге кирүү укугу, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары жана функциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, “Профсоюздар жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө”,  «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка көптөгөн ченемдик укуктук актыларда бекитилген. Башкача айтканда, салмактуу ченемдик укуктук база кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктарын бириктирип, ишин жөнгө салат.

Ошондо кесиптик бирлик  эмне менен алектенет?

Кесиптик бирликтердин негизги функцияларына токтоло кетели:

Өкүлчүлүктүү — кесиптик бирликтер иш берүүчүнүн, муниципалдык жана мамлекеттик бийлик органдарынын алдында кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргойт.

Коргоочу — кесиптик бирликтер кызматкерлердин эмгек укуктарын, алардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргойт.

Контролдоочу  — кесиптик бирликтер иш берүүчү тарабынан эмгек, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ишканада жамааттык келишимдин жана башка деңгээлдеги макулдашуулардын аткарылышына; эмгек жана өнөр жай коопсуздугунун стандарттарынын сакталышы үчүн коомдук контролду жүзөгө ашырат

Акыркысы, Уюштуруучу — өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракет үчүн жумушчуларды уюштуруу.

Кесиптик бирликтер бул функцияларды мыйзамдарда каралган ар кандай каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырышат:

Бул жамааттык сүйлөшүүлөргө катышуу жана иш берүүчү менен эмгек жамаатынын ортосундагы өз ара мамилелердин шарттарын, кызматкерлердин жана администрациянын укуктарын жана милдеттерин, социалдык пакетти аныктоочу жамааттык келишимди түзүү.

Кесиптик бирликтер уюмдун локалдык актыларын — ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгек акы жана сыйлыктар жөнүндө жоболорду, жумуш орундарын аттестациялоо жөнүндө жоболорду, эмгекти коргоо боюнча нускоолорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышат.

Мындан тышкары, эмгекчилердин өкүлдөрү мыйзам чыгаруу иш-чараларына катышып, эмгекчилердин абалын жакшыртуучу мыйзам актыларына түзөтүүлөрдү даярдоого жана колдоого катышуулары көп кездешет.

Кесиптик бирликтер иш берүүчүлөр тарабынан эмгек мыйзамдарынын, атап айтканда, эмгекти коргоонун сакталышына коомдук контролду ишке ашырышат. Бул үчүн тармактык кесиптик бирликтердин укуктук жана техникалык эмгек инспекциялары түзүлөт жана мамлекеттик көзөмөл органдары менен бирдей ыйгарым укуктарга ээ болушат. Ошондой эле уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин деңгээлинде эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор да бар.

Кесиптик бирлик кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, иштен бошогон жумушчуларды же студенттерди ишке орноштуруу процессине өзүнүн жумушчу органдары аркылуу катышат.

Өндүрүштү башкарууда иш берүүчүлөргө жардам көрсөтүү кесиптик бирликтердин иш багыттарынын бири. Бул үчүн эмгекчилердин өкүлдөрү уюмдардын башкаруу органдарынын курамына (Директорлор кеңешине, Башкарманын, Байкоочу кеңеш) киргизилет, ошондой эле өндүрүштүк кеңештердин, ар түрдүү комиссиялардын мүчөлөрү болуп саналат.

Албетте, кесиптик бирликтердин ишинин кошумча багыттары болуп, уюштуруучулук, ден соолукту чыңдоо, спорттук-маданий иштер саналат.

Жумушчулар менен иш берүүчүлөр үчүн кесиптик бирликти түзүүнүн кандай пайдасы бар?

Кызматкерлер менен эмгек келишими түзүлбөй, же 2-3 айга мөөнөттүү келишим түзүлүп, иш туруктуу мүнөзгө ээ болуп калган учурлар көп кездешет.

Эмгек акы өз убагында же толук төлөнбөйт.

Ал эми айлык акылар кош бухгалтерияга ылайык — азыраак бөлүгү расмий түрдө арыз боюнча, ал эми негизги бөлүгү конвертке салынып берилген учурлар болот.

Кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, комбинезон жана бут кийимдер менен камсыз кылынбайт. Ал тургай директор кызматкерге ошол эле касканы же комбинезонду өз эсебинен сатып алууну сунуштайт. Ал эми күтүлбөгөн жерден жумушта кырсык болуп кетсе, анда дарыланууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу же зыяндын ордун толтуруу маселеси тууралуу сөз да болбойт.

Мыйзамсыз жумуштан бошотуу, жашына, жынысына, улутуна, динине, атүгүл сырткы келбетине карап басмырлоо фактылары көп кездешет.

Жогоруда айтылгандардын баары Кыргызстандын эмгек мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.

Мына ушул маселелерди чечүү үчүн кесиптик бирликке ыйгарым укук берилген.

Демек, бизге кесиптик бирлик керек!   Бул кызматкерлер үчүн гана эмес, ошондой эле иш берүүчүлөр үчүн да зарыл.

Жумушчулар үчүн кесиптик бирилкке  кирүү төмөнкүлөрдү билдирет:

— эмгек келишимдерин туура түзүү жана бардык мыйзамдуу укуктарды сактоо;

— мыйзамда каралган ар кандай кошумча төлөмдөрдү, үстөк акыларды жана өргүүлөрдү  берүү;

— эмгек жамаатынын социалдык пакет боюнча  кепилдиктерди камтыган сүйлөшүүлөргө жана жамааттык келишимди түзүүгө катышуусу;

— коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү;

— квалификациясын жогорулатуу же жаңы кесипке ээ болуу, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү;

— санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду, ошондой эле балдар лагерлерине жолдомо алуу;

— массалык маданий, спорттук иш-чараларга катышуу, эс алууну жана кошумча кызматтарды сунуштоо.

Иш берүүчүлөр үчүн кесиптик бирлик уюмунун болушу, бул:

— социалдык өнөктөштүк аркылуу жамаатты натыйжалуураак башкаруу — эмгек жамааты бирдиктүү орган тарабынан көрсөтүлүп, көптөгөн көйгөйлүү маселелер кесиптик бирлик комитетинин деңгээлинде чечилет;

— өндүрүштүк кеңештер аркылуу өндүрүштү башкаруу процессине кызматкерлердин өкүлдөрүн тартуу аркылуу өндүрүштүк иштин натыйжалуулугун жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу, финансылык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу;

— кесиптик бирликтердин ишинин негизги багыттарынын бири эмгекти коргоо болгондуктан, өндүрүштүк жаракат алуунун жана жалпы оорунун деңгээлин төмөндөтүү;

— ишканада алгылыктуу социалдык абал, адамдар көбүрөөк уюшкандыкта болушуп, жалпы максаттар жана ийгиликтер менен биригишет;

— уюмда  эмгек тартибин чыңдоо жана ишти жакшыраак аткаруу — буга да кесиптик бирлик уюму жардам берет;

— спорттук, маданий-массалык иштерди жүргүзүү боюнча милдеттерди кесиптик бирлик комитетине өткөрүп берүү;

— ошондой эле социалдык жоопкерчиликтүү бизнес субъектинин мыкты имиджге ээ болуусу

Ошентип, кесиптик бирлик эмгек мамилелеринин эки тарабына тең зарыл жана жакшы жөнгө салынган өз ара аракеттенүү менен уюмдун туруктуу, ийгиликтүү, коопсуз ишмердүүлүгүн жана жумушчулар үчүн татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылууга болот. Бардыгы эле ушуга  умтулат болуш керек.