Тартип жазасы канча убакытка созулат жана аны мөөнөтүнөн мурда кантип алып салууга болот?

Биринчиден, белгилей кетүүчү нерсе, тартип жазасы колдонулган күндөн тартып 1 жыл бою күчүндө болот, андан кийин ал автоматтык түрдө күчүн жоготот, ал эми кызматкер тартип жазасы жок деп эсептелинет.

Бирок, кызматкер ага каршы даттануу менен анын мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышына жетишиши мүмкүн.

Бул үчүн сиз түздөн-түз жетекчиңизге, эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга же кесиптик бирлик комитетине кайрылууңуз керек.

Кызматкер мындай өтүнүч менен ага карата тартип жазасы колдонулгандыгы жөнүндө билген учурдан тартып үч айдын ичинде, ал эми иштен бошотулган учурда — эки айдын ичинде кайрыла алат.

Тартип  жазасын колдонгон иш берүүчү аны бир жыл өткөнгө чейин өз демилгеси боюнча, кызматкердин арызы боюнча, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын же кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин арызы боюнча алып салууга укуктуу. Эскертүү жана сөгүш түрүндөгү жаза колдонуу жөнүндө маалымат кызматкердин эмгек китепчесине жана Т-2 формасындагы өздүк карточкасына жазылбайт. Ал эми тиешелүү себептерден улам иштен бошотулганда, маалымат эмгек китепчесине да, жеке карточкасына да киргизилет.