Көптөгөн кызматкерлерди жетекчилери жумуштан кийин маанилүү иштерди бүтүрүү же белгилүү бир тапшырмаларды аткаруу үчүн калуусун суранышкан.

Демек, бул кошумча жумуш убактысы ченемден ашыкча убакыт болуп эсептелет.

Ченемден ашыкча убакытка жумушка тартуу иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жана кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ишке ашырылат.

Кызматкер үчүн 2 күн катары менен ченемден ашыкча иштөө 4 сааттан ашпоого тийиш.

Оор физикалык жумуштарда, эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштегендер, кош бойлуу аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ченемден ашыкча иштөөгө белгилүү чектөөлөр бар.

 Төмөнкү учурлардан тышкары оор физикалык жумуштарда, эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштеген кызматкерлерди ченемден  ашыкча иштөөгө тартууга тыюу салынат:

— өлкөнүн коргонуусу үчүн зарыл болгон иштерди аткарууда, ошондой эле өндүрүштүк аварияны болтурбоо же өндүрүштөгү авариянын же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча;

— суу менен жабдуу, газ менен камсыздоо, жылуулук, жарыктандыруу, канализация, транспорт, байланыш боюнча коомдук зарыл иштерди жүргүзүүдө — алардын нормалдуу иштешин бузуучу күтүлбөгөн жагдайларды жоюуга;

— зарыл болгон учурда өндүрүштүн техникалык шарттарынан улам күтүүсүз кечигүүгө байланыштуу нормалдуу жумуш убактысында аткарылбай калган (аякталбай калган) башталган ишти аткарууга (аяктоого), эгерде аткарылбай калган болсо бул иштин аякталбай калышы (бүттүрбөө) иш берүүчүнүн мүлкүнүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн бузулушуна же жок болушуна же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн;

— механизмдерди же конструкцияларды оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча убактылуу иштерди аткарууда, алардын иштен чыгышы кызматкерлердин олуттуу санынын ишин токтотууга алып келиши мүмкүн болгон учурларда;

— эгерде иш учурунда тыныгууга мүмкүн болбосо, алмаштыруучу кызматкер жок болгон учурда ишти улантууга. Мындай учурларда иш берүүчү тиешелүү  башка кызматкер менен алмаштыруу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ченемден ашыкча иштөө 2 күн катары менен ар бир кызматкерге 4 сааттан ашпоого тийиш.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана кош бойлуу аялдарды, эгерде аларга медициналык себептер боюнча тыюу салынбаса, кошумча жумушка тартууга жол берилет.

Шакирттик келишим күчүндө турган мезгилде кызматкерлерди кошумча жумушка тартууга болбойт.

18 жашка чыга элек адамдарды ашыкча жумуштарга тартууга тыюу салынат.

Ченемден ашыкча иштөө үчүн эмгектин алгачкы 2 сааты үчүн бир жарым эседен кем эмес, кийинки сааттар үчүн — эки эседен кем эмес өлчөмдө төлөнөт. Ченемден ашыкча жумуш үчүн акы төлөөнүн конкреттүү өлчөмдөрү эмгек мамилелеринин тараптары тарабынан аныкталышы мүмкүн.