Жумушта адам өлүмү менен коштолгон кырсык болду.
Ал өз убагында иликтенген. Комиссия жабырлануучунун күнөөсүн 20% өлчөмүндө аныктады. Н-1 формасынын актысы түзүлүп, ал иш берүүчү тарабынан бекитилип, ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн.

Бул учурда бир жолку жөлөкпул жабырлануучунун күнөөсүн алып салуу менен орточо жылдык кирешенин жыйырма өлчөмүн түзөт. Сүрөттөмөдө эсептөө.

Мындан тышкары, маркумдун багуусунда болгон жана анын өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга ай сайын төлөнүп берилүүгө тийиш. Зыян бул учурда каза болгон адамдын орточо айлык эмгек акысынан анын үлүшүн алып салуу өлчөмүндө аныкталат.

Төмөндө сүрөттөмөдө сиз ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасын эсептөөнүн конкреттүү мисалын таба аласыз.

Жабырлануучунун орточо айлыгы 15550 сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 230-беренесинин негизинде бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү:

15 550 сом х 12 ай х 20 жыл = 3 732 000 сом.

3 732 000 сом х 20 пайыз маркумдун күнөөсү = 746 400 сом.

3 732 000 сом – 746 400 сом = 2 985 600 сом.

Зыяндын ордун толтуруунун суммаларына киреше салыгы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү салынбайт.

Кызматкер каза болгон күнгө карата эки жашы жете элек баласы жана анын иштебеген жана 14 жашка чейинки балдарды багуу менен алек болгон аялы келтирилген зыяндын ордун толтурууга укуктуу болгон. Ошентип, жоголгон кирешелер боюнча ай сайын келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү:

15 550 сом: 4 үлүш = 3887,5 сом, маркумдун үлүшүн алып салуу.

15550 сом – 3887,5 сом, б.а. маркумдун үлүшү = 11662,5 сом, ал жабырлануучу каза болгон күндөн тартып төлөнөт. 

Зыяндын ордун толтуруунун суммалары, анын ичинде бир жолку пособие белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда иш берүүчү кечиктирилген ар бир календарлык күн үчүн зыяндын ордун толтуруунун төлөнбөгөн суммасынын 0,15 пайызы өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттүү.