Кызматкерлердин санын же штаттык санын кыскартууга байланыштуу, ошондой эле ишкананын жоюлушуна байланыштуу эмгек келишими токтотулганда кызматкерди иштен бошотуунун өзгөчө тартиби жана жол-жобосу каралат.

Кызматкерлердин штатын же санын кыскартуу уюмду кайра уюштурууда сыяктуу эле, башка учурларда да — кызматкер штаттык тизмеде каралбаган кызматты ээлегенде, бир кызматта эки адам болгондо да ишке ашырылышы мүмкүн.

Кызматкер штаттын, кызматкерлердин санынын кыскарышына, ошондой эле ишкананын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотуу жөнүндө бир ай мурда жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш, б.а. эскертүүдөн кийин бир айдан эрте, кызматкер иштен бошотулушу мүмкүн эмес, ал эми кийин – бошотулушу мүмкүн.

Эскертүү буйрук (буйруу) менен жол-жоболоштурулат, аны менен ар бир кызматкер жеке кол коюу аркылуу   таанышып чыгууга тийиш.

Буйрукта штатты кыскартуунун себептери же кызматкерлердин саны көрсөтүлүүгө тийиш.

 Иш берүүчү эскертүү алгандан кийин бир айдын ичинде кызматкерлерди ушул негизде бошотууга кесиптик бирлик комитетинен макулдук алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 85-беренесине ылайык, уюмдун кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууда жумушта калууга артыкчылык укугу эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациясы жогору болгон кызматкерлерге, ошондой эле жамааттык келишимде, макулдашууда же эмгек келишиминде белгиленген критерийлерге жооп берген кызматкерлерге берилет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 310-беренесине ылайык, уюм жоюлган жана эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан башка учурларда кош бойлуу аялдар менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт.

3 жашка чейинки балдары бар аялдар, 14 жашка чейинки балдары бар жалгыз бой энелер (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар — 18 жашка чейинкилер), бул балдарды энесиз тарбиялап жаткан башка адамдар менен эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузууга жол берилбейт (буга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-пунктунун, 3-пунктунун «а» пунктчасынын, 5-8, 10, 11-пункттарында каралган иштен бошотуулар кирбейт).

Эскертүү мезгилинде кызматкер өзүнүн эмгектик милдеттерин аткарат, ички эмгек тартибин сактайт, ага башка кызматкерлер менен бирдей шарттарда жана эмгек акы төлөнөт, ошондой эле орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш издөө үчүн жумасына бир бош күн берилет. 

Кызматкер уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу же уюмдун жоюлушуна байланыштуу иштен бошотулганда тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү аяктаганга чейин токтотулушу мүмкүн жана ага ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин калган ар бир күн үчүн орточо эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет.

Уюм жоюлган же иш берүүчүнүн иши токтотулган учурлардан тышкары, кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде жана өргүүсүндө болгон мезгилде бошотууга жол берилбейт.