Иштөө убактысы — кызматкер эмгек келишиминин шарттарына ылайык өзүнүн эмгек функцияларын аткарган убакыт. Кызматкер өндүрүштүк зарылчылыктан башка учурларда келишимде каралбаган башка иштерге алаксыбашы керек.

Беш күндүк иш жумасында жумуш күнү 8 сааттан, ал эми алты күндүк иш жумасында 7 сааттан, ишембиде 5 сааттан ашпоого тийиш.