Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы (КПФ) тармактык жана областтык профсоюздардын республикалык бирикмеси, республикалык профсоюздук борбор болуп саналат.

1990-жылы Кыргызсовпрофтун базасында профсоюздардын 20 тармактык бирикмеси жана 6 областтык профсоюздар кеңеши профсоюздардын кызыкчылыктарын улуттук жана эл аралык деңгээлде көрсөтүү үчүн федерацияны түзгөн.

КПФда жана тармактык профсоюздарда, ошондой эле региондордо областтык профсоюздарда социалдык-экономикалык жана укуктук коргоо, эмгекти коргоо жана коопсуздук, ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча жогорку квалификациялуу адистер, юридикалык жана техникалык инспекторлор, юристтер бар.

Ар бир иштеген жаран, студент же пенсионер Федерацияга кайрылууга жана эмгек мамилелери боюнча гана эмес, керектүү кеңештерди же коргоону алууга укугу бар.

Ошондой эле Кыргызстанда КТФга кирбеген башка кесиптик бирликтер да бар.