Адатта, эмгек келишимдери белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Аларда иш башталган күнү гана көрсөтүлөт.

Бирок, кээде кызматкер белгилүү бир мөөнөткө, бирок 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө кабыл алынышы мүмкүн. Мындай келишим мөөнөттүү эмгек келишими деп аталат.

Мындай келишим эмгектик мамилелер эмгектин өзгөчө мүнөзүнө жана шарттарына байланыштуу белгисиз мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн болбогондо гана түзүлөт.

Мөөнөттүү эмгек келишими төмөнкү учурларда түзүлүшү мүмкүн:

— уюмдардын жетекчилери, жетекчинин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен;

— мисалы, кош бойлуулук жана бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерди алмаштырууга;

— убактылуу жана сезондук жумуштар  учурунда, мисалы, карды тазалоого, муздак суусундуктарды же балмуздактарды сатууга кызматкерди жалдоодо;

— кырсыктардын, авариялардын, кыйроолордун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө;

— монтаждоо, ишке киргизүү же башка убактылуу иштерди жүргүзүүгө же белгилүү бир көлөмдөгү иштерди аткарууга;

— окуунун күндүзгү формасында окуган адамдар менен;

— ишти айкалыштыруучулар менен;

— илимий жана педагогикалык кызматкерлер менен;

— шайлануучу кызматка белгилүү бир мөөнөткө шайланган учурда;

— курагы боюнча пенсионерлер менен, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча медициналык корутундуга ылайык убактылуу гана иштөөгө уруксат берилген адамдар менен;

— жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесинде каралган башка бир катар учурларда.

Эгерде мөөнөттүү келишим түзүлсө, анда келишимдин өзүндө да, ишке кабыл алуу буйругунда да белгилүү бир мөөнөткө ишке кабыл алуунун негизи, конкреттүү себептери көрсөтүлүүгө тийиш.

Эсиңизде болсун, эгерде эмгек келишиминде анын колдонуу мөөнөтү жазуу жүзүндө көрсөтүлбөсө, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлгөн деп эсептелет.

Дагы бир кызыктуу мисал.

Келгиле, бир жагдайды элестетип көрөлү. Сиз менен, мисалы, 1-январдан 31-майга чейин мөөнөттүү эмгек келишими түзүлдү дейли. Бул күн келди, иш берүүчү эмгек келишимин бузууну талап кылган жок. 1-июнда эмгек келишими бүткөндөн кийин да тынч иштей бересиз. Мында эмгек келишими автоматтык түрдө белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет.

Кийинки учур. Иш берүүчү белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин шашылыш түрдө мөөнөттүү келишимге кайра карап чыгууну чечти. Кызматкердин макулдугусуз келишимди кайра түзүү мүмкүн эмес.

Акырында, туруктуу мүнөзгө ээ иш үчүн мөөнөттүү эмгек келишимдерин негизсиз түзүүгө тыюу салынат.