Иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы төмөнкү маселелер боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктери жекече эмгек талаш-тартыштары таанылат:  кызматкерге эмгектин жаңы же болгон шарттарын өзгөртүүнү белгилөө; эмгек жөнүндө мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдун локалдуу ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо мүнөзүндөгү талаш-тартыштар) колдонуу.