Донор болуп, бир адамга жардам берүү, ал тургай кээде өмүрдү сактап калуу өтө ардактуу жана асыл нерсе.

Бирок донорлордун эмгек укуктары кантип корголот?

Кан тапшырган күнү кызматкер жумуштан бошотулат.

Эгерде кызматкер ошол күнү жумушка кеткен болсо, анда ага башка эс алуу күнү берилет.

Ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү мезгилинде, дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү кан тапшырган учурда кызматкерге анын өтүнүчү боюнча башка эс алуу күнү берилет.

Канды жана анын компоненттерин тапшырган ар бир күндөн кийин кызматкерге кошумча эс алуу күнү берилет. Көрсөтүлгөн эс алуу күнү ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө кошулушу мүмкүн.

Кан тапшырууда иш берүүчү кызматкерге донордук жана ага байланыштуу берилген эс алуу күндөрү үчүн орточо эмгек акысын сактап калат.