Иштен бошотуунун эң кеңири тараган, адилеттүү жана логикалык негиздеринин бири кызматкердин өзүнүн демилгеси болуп саналат.

Кызматкерди ушул негизде иштен бошотуу кызматкердин эмгек келишимин бузууга аң-сезимдүү, атайылап жеке каалоосун билдирет.

Ошону менен бирге эле, ал 2 жума мурун иш берүүчүгө жазуу жүзүндө өз каалоосу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Бул мөөнөт аяктагандан кийин, кызматкер ишин токтотууга укуктуу, ал эми иш берүүчү ага эмгек китепчесин берүүгө жана бардык зарыл болгон төлөмдөрдү төлөп берүүгө милдеттүү, б.а.  иш берүүчү кызматкерди өз каалоосу боюнча жумуштан бошотуудан баш тартууга укугу жок.

Макулдашуу боюнча, бул мөөнөт аяктаганга чейин келишимди бузууга болот.

Эгерде иш берүүчү кызматкердин арызы боюнча мөөнөттүү келишимди бузуудан баш тартса,  мындай талаш маселелерди чечүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

Айтмакчы, эгерде кызматкер жумуштан кетүү тууралуу оюн өзгөртсө, бул эки жумалык эскертүүнүн ичинде арызын кайтарып ала алат.