Ички эмгек тартибинин эрежелери уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жана санына карабастан, милдеттүү түрдө аткарылуучу жергиликтүү ченемдик акт болуп саналат.

Ички эмгек тартиби ар бир иш берүүчү үчүн зарыл. Алар уюмда эмгекти жөнгө салуу үчүн конкреттүү шарттарды белгилейт, кызматкерлерди тартипке салууга жардам берет жана ашыкча эмгек чыр-чатактарын болтурбайт.

Ички эмгек тартибинин эрежелеринин болжолдуу мазмуну:

• жалпы жоболор (эрежелерди белгилөө, иште чыгуу максаттары, жайылтуу чөйрөлөрү жана башка уюштуруу маселелери);

• кызматкерлерди ишке алуу жана бошотуу;

• иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин укуктары жана милдеттери;

• жумуш жана эс алуу убактысы;

• эмгек тартиби (кызматкерлерди жазалоо жана сыйлоо);

• корутунду жоболор.

Мындан тышкары, уюмдун ишинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык, Ички эмгек тартибинин эрежелерине киргизүү үчүн төмөнкүлөр милдеттүү болуп саналат:

• иш убактысынын жалпыланган эсебин жүргүзүү тартиби;

• иштөө графиги же нөөмөт менен таанышуунун тартиби жана мөөнөттөрү;

• иш убактысы нормалдуу болбогон кызматтардын тизмеси;

• кошумча өргүүнүн узактыгы;

• жылытуу жана эс алдыруу үчүн атайын тыныгууларды берүүнүн учурлары, узактыгы жана тартиби;

•    жана башкалар.

Эрежелер уюмдун кесиптик бирлик комитети менен макулдашылгандан кийин иш берүүчү тарабынан бекитилет. Ар бир кызматкер жумушка орношкондо эмгек тартибинин эрежелери менен жазуу жүзүндө таанышууга тийиш. Таанышуу бир нече жол менен — эрежелердин тиркемеси, жергиликтүү актылар менен таанышуунун атайын журналы, таанышуунун өзүнчө барактары же эмгек келишими аркылуу ишке аышырылышы мүмкүн.