Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн төмөнкүдөй кошумча кепилдиктер каралган:

• Иш берүүчү кош бойлуу аялдын, 14 жашка чейинки баласы бар (18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала) ата-энелердин (камкорчу, көзөмөлчү) биринин, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык үй-бүлө мүчөлөрүндө ооругандарды баккан адамдын өтүнүчү боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын белгилөөгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 93-беренеси).  

• Күнүмдүк жумуштун (сменанын) узактыгы медициналык корутундуга ылайык аныкталат (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 95-беренеси).

• Түнкү убактагы жумуштун узактыгы эмгек шарты үчүн зарыл учурларда  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 97-беренесинин 5-бөлүгү).

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кош бойлуу аялдар түнкү убактагы ишке, эгерде мындай иш медициналык көрсөткүчтөр боюнча аларга тыюу салынбаса, ишке тартылат (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 97-беренесинин 6-бөлүгү).

• Эгерде медициналык жактан көрсөткүчтөр мындай жумушту иштөөгө тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кош бойлуу аялдарды мөөнөтүнөн ашык иштөөгө тартууга жол берилет. (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 100-беренесинин 5-бөлүгү).

• Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөөгө медициналык себептер боюнча тыюу салынбаган учурда гана жол берилет (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114-беренесинин 6-бөлүгү).

• 30 календардык күнгө созулган негизги өргүү белгиленген (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).

• Иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде жылына 60 календардык күнгө чейин эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 133-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту).

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлерге жана  14 жашка чейинки эки жана андан ашык балдары бар же 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар кызматкерлерге ар жылдык өргүү кызматкер үчүн ыңгайлуу болгон каалаган убакта пайдалануу укугу берилет (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 134-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пунктчалары). ).

• Орточо айлык эмгек акы эсептелүүчү айлардын ичинен төмөнкүлөр чыгарылып салынат (жарандын каалоосу боюнча):  бала багууга байланыштуу берилген өргүү айлары (анын ичинде толук эмес), ошондой эле жаран майып болгон же эмгектик мертинүүгө алып келген зыяндын ордун толтурууну алган, майыптуулугу I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды, он сегиз жашка толо элек ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы же МСЭКтин корутундусу боюнча башкалардын багуусуна муктаж адамды баккан жумуш мезгилдери;  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 237-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту).

•  Майыптуулугу I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аны багуу зарылдыгы жөнүндө МСЭКтин корутундусу талап кылынбайт (атайын медициналык багууга муктаж болгондон башка учурда). (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 244-беренесинин 3-бөлүгү).

• Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда анын багуусунда болгон же ал өлгөн күнгө чейин андан алимент алууга укугу бар майыптар зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Майыптар деп белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту жана 2-бөлүгү) адамдар саналат.

• Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адам кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жатак үйгө (пансионатка, аймактык борборго) жайгаштырылган учурда, зыяндын ордун толтуруу суммасы (эмгекке жарамсыз багуудагы адамдарга эсептелген суммаларды кошпогондо) иш берүүчү тарабынан жатак үйдүн (пансионаттын, аймактык борбордун) расчеттук эсебине которулат. (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү).

• Үч жашка чейинки балдары бар аялдарды иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү ишке тартууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо жана бул аларга медициналык кепилдеме менен тыюу салынбаган шарттарда гана жол берилет. Мында үч жашка чейинки балдары бар аялдар кызматтык иш сапарга жиберүүдөн, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү иштетүүдөн баш тартууга өздөрүнүн укуктары менен жазуу жүзүндө тааныштырылууга тийиш.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган кепилдиктер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же он сегиз жашка чыкканга чейин бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык алардын үй-бүлөлөрүнүн оорулуу мүчөлөрүн баккан кызматкерлерге да берилет.

 (КРнын ЭК 304-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү).

• Үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар менен, он төрт жашка чейинки курактагы (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар — он сегиз жашка чейин) балдары бар жалгыз бой энелер менен, аталган балдарды энесиз тарбиялап жаткан башка адамдар менен эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузууга жол берилбейт (ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пунктунун «а» пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча жумуштан бошотууларды кошпогондо).  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгү) .

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды алар 18 жашка жеткенге чейин багуу үчүн ата-эненин бирине (камкорчуга, көзөмөлчүгө) анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ай сайын орточо күндүк иштеп тапканын төлөп берүү менен жумуштан бошотулган 1 күн берилет. (КРнын 311-беренесинин 1-бөлүгү).

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын же 18 жашка чейинки бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын ата-энесинин биринин (камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн) арызы боюнча иш берүүчү ага жыл сайын 14 календардык күнгө чейинки узактыктагы эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берүүгө милдеттүү.   (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 311-беренесинин 2-бөлүгү).

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды башка ишке которууга (МСЭКнын) корутундусу боюнча анын ден соолугу кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же ден соолугуна жана эмгектин коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, майыптуулук жүйөсү боюнча анын макулдугусуз башка ишке которууга жол берилбейт.  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 318-беренесинин 1-бөлүгү).

• Кызматкерлердин санын же штатты кыскартууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациялары бирдей болгондо жумушта калтырууга артыкчылык берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдалануу үчүн арналган адистештирилген уюмдарда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана квалификациясына карабастан жумушта калтырууга артыкчылык укугуна ээ.  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 318-беренесинин 2-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 318-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт (уюмдун жоюлгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пункттун «а» пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча бошотулган учурларды кошпогондо):

— уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;   (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-пункту);

— медициналык корутундуга ылайык кызматкер ээлеген кызматына же аткарган ишине ден соолугунун абалына байланыштуу ылайык келбесе (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 3-пунктунун «а» пунктчасы);

— эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса;  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 5-пункту);

— кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса:

 (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 6-пункту);

— акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо; (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 7-пункту);

— тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса;  (эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса;- эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса;  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин  10-пункту);

— уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса;  (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин  11-пункту);