Жамааттык эмгек талаш-тартыштары — кызматкерлер (алардын өкүлдөрү) менен иш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы эмгек шарттарын белгилөө жана өзгөртүү (эмгек акыны кошо алганда), жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана аткаруу жагдайлары боюнча, ошондой эле уюмдарда иш берүүчүнүн эмгек укуктарынын ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана кабыл алууда кызматкерлердин шайлануучу өкүлчүлүктүү органынын пикирин эсепке алуудан баш тарткандыгына байланыштуу жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер.