Уюмдар өздөрүнүн жергиликтүү ченемдик актыларын кабыл алышат. Алар иш берүүчү менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди кыйла кененирээк жөнгө салат, тараптардын укуктарын жана милдеттерин белгилейт. Бул ар кандай жоболор, нускамалар, эрежелер.

Келгиле, «жергиликтүү актылар» түшүнүгүнө аныктама берели. Ошентип, жергиликтүү ченемдик актылар —  бул иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы өз ара эмгек мамилелеринен улам кайталануучу жол-жоболорду  жана процесстерди жөнгө салуучу ички укуктук документтер. Ошону менен бирге эле аларда бул жол-жоболорду тариздөөнүн жана ишке ашыруунун тартибин белгиленет, аларды укуктук тилкеде стандартташтырышат жана   максималдуу деталдаштырат.

Бардык уюмдар үчүн милдеттүү болгон жалпы белгиленген жергиликтүү актылар бар, ошондой эле иш берүүчүнүн көз карашы боюнча кабыл алынгандар да бар. Кандай болбоун, мыйзамга карама-каршы келбесе, кайсы болбосун жергиликтүү акт кызматкерлер үчүн да, иш берүүчү үчүн да милдеттүү болуп саналат.

 Жергиликтүү актылар иш берүүчү тарабынан кабыл алынат. Бирок, Эмгек кодексинде, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде каралган айрым учурларда иш берүүчү жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы, б.а. союз менен менен макулдашат.

Бул, мисалы, ички эмгек эрежелери, ар кандай жоболор (эмгек акы жана сыйлыктар жөнүндө, аттестациялоо жөнүндө), эмгекти коргоо боюнча нускоолор, кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттарын берүү эрежелери жана нормалары, штаттык бирдик, өргүү графиги жана башкалар сыяктуу актылар.

Жергиликтүү ченемдик укуктук актылар эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу кызматкерлердин абалын начарлатышы мүмкүн эмес.

Маселен, КР Эмгек кодексинин 169-беренесине ылайык, түнкү жумуштун ар бир саатына жогорулатылган, бирок бир жарым эседен кем эмес өлчөмдө төлөнөт. «Эмгек акы жөнүндө» жободо түнкү убакытта, мисалы, эки эселенген чен боюнча эмгек акыны белгилей аласыз. Бирок эч качан 20% же 30% өлчөмүндө эмес.

Жергиликтүү актылар мыйзамда белгиленген шарттарга салыштырганда кызматкердин абалын начарлатса, же алар кесиптик бирликтин макулдугусуз кабыл алынса, мындай актылар жараксыз болуп саналат. Мындай учурларда эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.

 Кызматкерлер ар бир жергиликтүү укуктук акт менен ишке кабыл алууда же мындай актыларды кабыл алууда жазуу жүзүндө таанышууга тийиш. Таанышуунун бир нече жолу бар. Бул тааныштыруу баракчасы болушу мүмкүн. Бул баракча ар бир нормативдик актыга тиркелет. Анда кызматкердин аты-жөнү, таанышкан датасы көрсөтүлөт жана колу коюлат. Мисалы, эгерде бул Ички эмгек тартиби жана Коммерциялык сыр жөнүндө жобо болсо, анда ар бир документтин өзүнүн тааныштыруу баракчасы болушу керек.

Экинчи жол — уюмдун жергиликтүү актылары менен таанышуу журналын жүргүзүү. Бул журналда өзүнчө тилке же кызматкер таанышкан актылардын тизмеси болушу керек.

Ал эми үчүнчү жолу — эмгек келишиминин тиркемесин тариздөө. Бул тиркемеде уюмдун жергиликтүү актыларынын аталыштары, таанышуу датасы жана кызматкердин кол тамгасы чагылдырылат.

Кызматкерди тааныштырбоо эмгек мыйзамдарын бузуу болуп саналат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.