Майыптык белгиси боюнча басмырлоо — “адамдын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же кайсы болбосун башка жааттагы бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин башкалар менен тең катарда таануусун, ишке ашыруусун же жүзөгө ашыруусун кемитүү же тануу максаты же натыйжасы болгон, майыптыгынын себеби боюнча кайсы болбосун айырмачылык, четке кагуу же чектөө; Ал дискриминациянын бардык түрлөрүн, анын ичинде акылга сыярлык шарттардан баш тартууну камтыйт» деп аныкталат.