Эс алуу убактысы — кызматкер эмгек милдеттеринен бош болгон жана ал өз каалоосу боюнча пайдалана ала турган убакыт.

Эс алуу мезгилинин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

— жумуш күнүндө (сменада) тыныгуулар;

— күндөлүк (сменалар аралык) эс алуу;

— дем алыш күндөрү (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу);

— жумуш эмес майрам күндөрү;

— өргүү

Күндөлүк жумушта (сменада) кызматкерге эс алуу жана тамактануу үчүн 30 мүнөттөн кем эмес жана жалпысынан 1 сааттан ашпаган тыныгуу берилүүгө тийиш, ал жумуш убактысына кирбейт.

Тыныгуу убактысы жана анын конкреттүү узактыгы уюмдун ички эмгек тартиби же кызматкер менен иш берүүчүнүн макулдашуусу менен белгиленет. Бул учурда тыныгууну эки бөлүккө бөлүүгө жол берилет.