Кызматкер жумуштан четтетилген учурлар көп кезедешет. Ооба, жол берилет, бирок кээ бир учурларда гана, эгерде:

— бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан талап кылынат;

— кызматкер жумушка алкоголдук же баңгилик мас абалында келсе;

— кызматкер эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча экзамендерден өтпөсө же коргоо каражаттарын колдонбосо;

— эгерде талап кылынган болсо, ал медициналык текшерүүдөн өтпөсө;

— кызматкер иштеген жеринен уурулук жасап жаткан учурда кармалган болсо;

— жана башка учурларда.

Иш берүүчү кызматкерди четтетүүгө   негиз болгон жагдайлар жоюлганга чейинки бүткүл мөөнөткө четтетет.

Бул мезгил ичинде, эмгек акы, эреже катары, чегерилбейт. Кызматкерди иштен бошотуу негизсиз жана мыйзамсыз экендиги аныкталса, иш берүүчү ага жумуштан четтетүүнүн бүтүндөй мезгили үчүн эмгек акысын төлөөгө милдеттүү.