Биринчиден, мыкты дарылоо алдын алуу болуп саналат!

Ошол эле эмгек укуктарын сактоого да тиешелүү. Профсоюздук уюмдар бар ишканаларда алар менен бирдикте администрация тарабынан кептеген маселелер чечилет.

Кесиптик бирликтер локалдык актыларды (жамааттык келишим, эрежелер, кызматтык нускамалар ж.б.) түзүү жана бекитүү процессине, айыптык санкцияларды колдонуу жана эмгек келишимин бузуу жөнүндө макулдашууга катышат.

Бул маселелерди чечүү процессинде профсоюздун мүчөлөрүнүн көптөгөн укуктары жана кызыкчылыктары профсоюздун коргоосунда турат.

Укуктарыңыз бузулган учурда кесиптик бирлик сиздин маселеңизди эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияда кароодо жетекчилик менен сүйлөшүүгө жардам берет.

Профсоюз тиешелүү мамлекеттик эмгек органына же сотко арыз даярдайт жана сот процессинин каалаган баскычында сиздин таламыңызды коргойт. Профсоюздардын укуктук жана техникалык инспекциялары бар, алар жетишээрлик кенен ыйгарым укуктарга ээ.