Укуктар менен эркиндиктерден тышкары кызматкерлер милдеттерге да ээ.

Алар эмгек келишиминде, кызматтык нускоодо, ички эмгек тартибинде жана башка жергиликтүү актыларда, ошондой эле ченемдик укуктук актыларда, мисалы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамында жана башкаларда белгиленет.

Ошентип, кызматкер өзүнө жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайыксыз аткаргандыгы үчүн иш берүүчү тартип жазасын колдонууга укуктуу. Мында кызматкердин күнөөсүнүн болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

 Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  тартиптик жазалардын төмөнкүдөй түрлөрү каралган:

• эскертүү;

• сөгүш;

• тийиштүү негиздер боюнча иштен бошотуу.

Ошол эле учурда ар бир тартип бузуу үчүн бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.

Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн тартип жөнүндө мыйзамдарда, уставдарда жана жоболордо башка тартиптик жазалар да каралышы мүмкүн.

Маселен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары жазанын төмөнкү түрлөрү белгиленет:

• катуу сөгүш;

• кызматтык шайкеш келбегендиги жөнүндө эскертүү;

• класстык чинин төмөндөтүү;

• кызматынан төмөндөтүү;

• ээлеген  кызмат ордунан бошотуу.

Мыйзамдарда, уставдарда же тартип жөнүндө жоболордо каралбаган тартиптик жаза чараларын колдонууга жол берилбейт. Тактап айтканда, кызматкерди тартиптик жаза иретинде иштеп тапкан үстөк акысынан ажыратууга, же кызматкерден акчалай айыпты өндүрүүгө жол берилбейт.