Кызматкер штаттын кыскарышына байланыштуу иштен бошотулганда ага орточо айлык эмгек акынын экиден кем эмес өлчөмүндө бошотуу жөлөк пулу төлөнөт.

Эгерде кыскартылган кызматкер жумуштан бошогондон кийин 10 жумуш күнү  ичинде иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында жумуш издөөчү катары каттоого турса, анда ал жумуш издөө мезгилине 3 айга бошотуу жөлөк пулун эске алуу менен орточо айлык эмгек акысы сакталып калат.

Бул жумуштан бошотулган күндөн тартып биринчи ай үчүн кызматкерге орточо айлык эмгек акынын экиден кем эмес өлчөмүндө бошонуу жөлөк пулу төлөнөт, жумуш издөөнүн экинчи жана үчүнчү айлары үчүн кызматкерге орточо айлык эмгек акысы сакталат, б.а. жалпысынан кеминде төрт орточо айлык эмгек акысы сакталып турат дегенди түшүндүрөт.

Жамааттык келишимде бошонуу жөлөк пулунун башка жогорку өлчөмү белгилениши мүмкүн.

Мамлекеттик кызматкер үчүн мындай учурларда төлөмдөр көбүрөөк өлчөмдө берилет.

Ошентип, мамлекеттик кызматкер мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штатынын кыскартылышына байланыштуу иштен бошотулду дейли.

Бул учурда мамлекеттик кызматкерге жумуштан бошонуу жөлөк пулу берилет. Анын өлчөмү орточо айлык эмгек акынын төрттөн бир бөлүгүн ушул органда иштеген толук жылдарынын санына, бирок мурда ээлеген кызмат орду боюнча үчтөн кем эмес орточо айлык акыга көбөйтүү жолу менен аныкталат;

Ошондой эле кызматкер бошотулгандан кийин 10 жумуш күнү ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издөөчү катары катталган шартта, мурда ээлеген кызмат орду боюнча 3 ай үчүн орточо эмгек акысы төлөнөт.