Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлерге карата көбүнчө кандай мыйзам бузуулар же мыйзамсыз аракеттер жасалат?

Биринчиси: бузуулар үчүн акчалай айып салуу системасын колдонуу.

Иш берүүчүлөр көбүнчө кызматкерлерге айып пул сыяктуу жазаларды колдонушат. Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексинин нормаларына ылайык, кызматкерге карата жаза катары айып пулду колдонууга жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде төмөнкүдөй жазалар гана каралган:

— эскертүү;

— сөгүш,

— иштен бошотуу.

Экинчиси: иштен бошонууга түрткү берүү.

Эгерде сиз эмгек тартибин бузбасаңыз, эмгек милдеттенмелериңизди талаптагыдай аткарып жаткан болсоңуз, анда иш берүүчү сизди негизсиз жумуштан кетире албайт. Мындан тышкары, иш берүүчүнүн кысымы менен өз каалоосу боюнча жумуштан бошотууга тыюу салынат. Андай арыз жазбагыла. Анан мажбурлап жазылганын далилдеш өтө кыйын болот.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде эмгек келишимин бузуу үчүн негиздердин толук тизмеси каралган. Буга системалуу кечигүү, жүйөлүү себепсиз жумушка келбей калуу, жумуш ордунда мас абалында келүү же кызматтык милдеттерин аткарбоо ж.б.у.с. кирет.

Кандай болгон күндө да кесиптик бирликке же юристтерге кайрылып, жумуштан бошотуу мыйзамдуу экенин текшериңиз.

 Үчүнчүсү: Иш убактысынын чегинен ашып кетүү

Кызматкерди суткасына 10, ал тургай 12 саат иштөөгө мабурлашат, ал эми мыйзамда 8 сааттык жумуш күнү белгиленген (бул вахталык негизде иштеген жумушчуларга ж.б. тиешелүү эмес). Бул учурда кызматкерге ашык иштегендиги үчүн кошумча акы төлөнбөйт.

Кийинкиси: жылдык акы төлөнүүчү өргүү бербөө.

Эмгек кодексине ылайык, кызматкер 28 календардык күндөн кем эмес жылдык акы төлөнүүчү өргүү алууга укуктуу. Бул укук иш берүүчү тарабынан чектелиши мүмкүн эмес. Жаңы кабыл алынган кызматкер үчүн гана бир аз чектөө бар. Жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү алуу үчүн жаңы кабыл алынган кызматкер 11 ай иштеши керек, андан кийин гана ал өргүүсүнө чыгууга укуктуу. Башка учурларда бул укукту чектөө мүмкүн эмес.

Бешинчиден: эмгек акынын өз убагында төлөнбөгөнү.

Иш берүүчү эмгек акыны мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттөрдө төлөөгө милдеттүү. Эреже катары, эмгек акы ай сайын же алдын ала аванс төлөө системасы каралган учурда айына эки жолу төлөнөт.

Эң одоно бузуу: бул жазуу жүзүндө эмгек келишимин түзбөө же мөөнөттүү контрактты негизсиз түзүү, анткени кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери жазуу жүзүндө эки тараптын милдеттүү түрдө кол коюусу менен белгилениши керек.