Кыргыз Республикасынын Конституциясы – өлкөбүздөгү негизги мыйзам болуп саналат. Бул Маалымдама жарыяланган учурда (2022-ж.) 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Конституция күчүндө болчу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, ар бир адам эмгек эркиндигине, өзүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгүн тескөөгө, кесипти жана иштин түрүн  тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген коргоого жана эмгек шарттарына, ошондой эле мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес эмгек акыны алуу укугуна ээ. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында эс алуу жана иш таштоо укугу белгиленген.

Вышеуказанные конституционные нормы составляют основу системы трудового законодательства КР, и обеспечивают устойчивость всей системы трудового законодательства КР.

Эң негизги мыйзам, эмгек укуктарынын “өзөгү”  болуп, Эмгек кодекси   саналат. Анын негизги максаты — эмгек чөйрөсүнө кирген бардык коомдук мамилелерди жөнгө салуу. Кодекс Кыргыз Республикасынын бардык колдонуудагы эмгек мыйзамдарын илгерилетүү  үчүн негиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдери менен катар эле эмгек мыйзамдарынын системасына эмгек мамилелеринин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу атайын мыйзамдар да кирет:

• Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамы кызматкерлердин эмгек процессиндеги  коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат;

• Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасында үч тараптуулуктун укуктук негиздерин белгилейт;

• Кыргыз Республикасынын «Профсоюздар жөнүндө» жана «Жамааттык келишимдер жөнүндө» мыйзамдары эмгекчилердин эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерге биригүү укуктарын, ошондой эле кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн социалдык-экономикалык таламдарын коргоону жакшыртуу үчүн андан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамааттык келишимдерди түзүү укуктарын аныктайт;

• Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамы рынок экономикасынын шартында адамдын жумушка орношуунун конституциялык укуктарын ишке ашыруунун укуктук, социалдык-экономикалык жана уюштуруучулук кепилдиктерин аныктайт;

• Кыргыз Республикасынын «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» мыйзамында   Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген   кызматкерлерге кошумча материалдык жана физиологиялык чыгымдардын ордун толтуруу үчүн мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилейт;

 • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана судьялардын ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт;

• Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүктөрдүн укуктук абалынын негиздерин аныктайт жана алардын эмгекке болгон укуктарын жөнгө салат;

• Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга алардын жашоосунда, анын ичинде эмгекке болгон укуктарын жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт;

• Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө»   мыйзамы эң төмөнкү эмгек акынын (эмгек акынын эң аз өлчөмүнүн) аныктамасын белгилейт;

•  Кыргыз Республикасынын “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө”   мыйзамы Кыргыз Республикасындагы  эсептешүү көрсөткүчүнүн —  социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, административдик жазалардын жана айып пулдардын,  эмгек акыга байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн өлчөмүн аныктоо үчүн ченемдик акча көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде коомдогу бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен ар кандай мезгилдерде өзгөрүшү мүмкүн болгон компенсациялардын, жөлөк пулдардын, минималдуу эмгек акынын белгилүү бир конкреттүү өлчөмдөрү (көлөмү) камтылган эмес. Мындай жөнгө салуу эмгек жөнүндө айрым мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу аркылуу ишке ашат.

Кыргыз Республикасында эмгек жөнүндө мыйзам алдындагы актылардын төмөнкүдөй түрлөрү бар:

• Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары;

• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мурдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) токтомдору;

• Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун актылары – токтомдор, жоболор, буйруктар, нускоолор, эрежелер. Мындан тышкары уюмдардын жергиликтүү актылары да кабыл алынышы мүмкүн.