Эмгек китепчеси эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги документи болуп саналат.

Иш берүүчү 5 күндөн ашык иштеген ар бир кызматкерге, анын ичинде сезондук жана убактылуу да эмгек китепчесин жүргүзүүгө милдеттүү.

Иштерди айкалыштырып иштеген адамдар үчүн эмгек китепчелери негизги иштеген жери боюнча гана жүргүзүлөт.

Жумушка кирген кызматкерлер иш берүүчүгө белгиленген тартипте түзүлгөн эмгек китепчесин көрсөтүүгө милдеттүү.

Эмгек китепчесине төмөнкү маалыматтар киргизилет:

— кызматкердин аты-жөнү, анын туулган күнү;

— билими, кесиби же атайын билиминин бар экендиги жөнүндө документтердин негизинде билими, кесиби, адистиги;

— идентификациялык (камсыздандыруу номери);

— ишке кабыл алынгандыгы, башка туруктуу ишке которулгандыгы, бошотулгандыгы жөнүндө маалыматтар;

— кызматкер кабыл алынган иштин  же кызматтын аталышы жөнүндө жазуулар;

— мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, мамлекеттик ардак наамдарды ыйгаруу, ардак грамоталарды ыйгаруу, наамдарды ыйгаруу жана сыйлоонун башка түрлөрү жөнүндө.

Эмгек китепчесине жазалар жөнүндө маалымат киргизилбейт.