Эгерде сиздин укугуңуз бузулса жана сиз өзүңүздүн укугуңузду коргоонун башка куралдарын түгөтүп алган болсоңуз, анда сиз доо арыз менен сотко кайрылышыңыз керек!

Кызматкер сотко жеке өзү, кесиптик бирлик уюмунун өкүлүнө, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өкүлгө, адвокатка кайрыла алат.

Доо арыз берүү үчүн төмөнкү жагдайларды эске алуу керек:

Биринчи: сиздин ишиңиздин юрисдикциясы жөнүндө чечим кабыл алып, арыздын текстин жазыңыз.

Доо арыз сотко жазуу жүзүндө машинкада басылган текст менен берилет.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилип жаткан райондук же шаардык соттун аталышы;

2) Сиздин фамилияңызды, атыңызды жана атаңыздын атын, жашаган жериңизди же эгерде сиздин өкүлүңүз болсо, анда анын фамилиясын, атын, атасынын атын жана дарегин көрсөтүүгө милдеттүүсүз, мында телефон номерлерин көрсөтүүнү унутпаңыз суроолор пайда болсо, сот кызматкерлери сиз менен байланыша алат;

3) жоопкердин аты-жөнү, анын жашаган жери, эгерде жоопкер юридикалык жак болсо, анын турган жери;

4) Сиз соттон сураган конкреттүү талаптарыңыз;

5) доо арызында сиз өз талаптарыңызды негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды тастыктаган далилдер камтылууга тийиш;

6) эгерде доомат баалоого тийиш болсо, доонун наркы;

7) арызга тиркелген документтердин тизмеси.

Сиз доо арызды түздөн-түз сот кеңсесине тапшырсаңыз же почта аркылуу жөнөтсөңүз болот.

Сиздин доо арызыңыз катталат, 5 күндүн ичинде сот аны өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени кароого жана сот отуруму дайындалган күн жана убакытты билдирүүгө милдеттүү.