Жумушка  орношуу үчүн кайрылганда кызматкерлер менен көбүнчө эмгеккелишимдери түзүлбөйт же жарандык-укуктук келишим түзүлөт, мисалы, кызмат көрсөтүү келишими же эмгек келишими, же адам документ тариздөөсүз эле иштейт. Эгерде эмгек мамилелери болгон учурда эмгек келишимин түзүү милдеттүү болуп саналат. Ушул учурда гана тараптар мыйзамдуу түрдө корголот.

Бирок эмгек мамилелерин жарандык укук мамилелеринен айырмалоо оңой эмес. Жарандык-укуктук келишим иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелерин иш жүзүндө жөнгө салган учурлар бар. Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодекси буга тыюу салат.

Жарандык-укуктук келишимди эмгек келишиминен кантип айырмалоого болот?

Жарандык-укуктук келишим — бул эки же андан көп адамдардын жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө макулдашуусу. Иш жүзүндө подряддык келишимдер, тапшырмалар жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча  келишимдер кеңири таралган. Мындай келишимдердин предмети болуп,  конкреттүү тапшырманы (буйрутманы, тапшырманы), башкача айтканда иштин же кызмат көрсөтүүнүн конкреттүү, акыркы көлөмүн аткаруу саналат. Граждандык укук мамилелери Граждандык кодекс менен жөнгө салынат.

Жарандык-укуктук келишим эмгек келишиминен принципиалдуу айырмачылыктарга ээ.  Алардын  негизгилери төмөнкүлөр:

— кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же жумуштарды аткаруу келишимдери боюнча аткаруучу (подрядчы) келишим түзүлгөн учурда эле белгилүү болгон буйрутмачынын конкреттүү тапшырмасын аткарууга милдеттүү. Эмгек келишими боюнча кызматкер штаттык тизимге ылайык белгилүү бир   белгилүү кесип, адистик боюнча иштөөгө жана жетекчиликтин бардык көрсөтмөлөрүн алардын берилишине жараша аткарууга милдеттүү. Эмгек мамилелеринде иш берүүчү биринчи кезекте кызматкердин эмгек ишмердүүлүгү  процессине, ал эми жарандык укукта – конкреттүү натыйжага кызыкдар;

— эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, аткаруучулар жана подрядчылар келишимде аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун тартибин өздөрү аныкташат жана аны өз каражаттарынын эсебинен аткарышат. Кызматкер ички эмгек тартибинин белгиленген эрежелерин сактоого, анын ичинде жумуш убактысын сактоого милдеттүү;

—  мындан тышкары, иш берүүчү кызматкерге эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын, жеке коргонуу каражаттарын, атайын кийимдерди, коопсуздук бут кийимдерин, шаймандарды, жабдууларды берүүгө, ошондой эле кызматкердин жумушта өз мүлкүн пайдалангандыгы үчүн компенсация төлөп берүүгө жана иш берүүчүнүн кызыкчылыгы үчүн дуушар болгон персоналдын башка чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү;

— жарандык-укуктук мамилелерге катышуу менен аткаруучу (подрядчы) өзүнүн милдеттерин аткарууга үчүнчү жактарды тарта алат. Ал эми эмгек функциясын ар дайым кызматкер жеке аткарат;

—  аткаруучулар жана подрядчылар эмгек акысы эмес, келишимде каралган сый акы алышат, ал эмгек акы сыяктуу ай сайын төлөнбөйт,  келишимде белгиленген тартипте төлөнөт;

— аткаруучулар жана подрядчылар алар келтирген зыяндын ордун толук толтурууга милдеттүү. Ал эми эмгек келишими боюнча кызматкер эмгек мыйзамдарында жана толук материалдык жоопкерчилик келишиминде белгиленген учурларда гана толук жоопкерчиликтүү болот;

 — эгерде жеке адам менен жарандык-укуктук келишим түзүлсө, анда ага эмгек мыйзамдарында каралган кепилдиктер таркатылбайт. Ал эми бул — өргүүсүн берүү, ооруп калгандыгы үчүн эмгекке жарамсыздыгы үчүн акы төлөө, өндүрүштүк мертинүүдө же кесиптик оорудан жабыркаганда келтирилген зыяндын ордун толтуруу, иш сапарга акы төлөө, ар кандай учурларда компенсацияларды төлөө, өзүнүн эмгек  жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоо үчүн профсоюзга кирүү,  жумуштан мыйзамсыз бошотуудан коргоо, жумуштан айрылып калган учурда компенсация төлөп берүү ж.б.

Жыйынтыгында баса белгилөөчү нерсе —  эмгек мамилелерин жарандык-укуктук мамилелер менен алмаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Ал эми жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим менен иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелери жөнгө салынган учурда, мындай мамилелерге эмгек мыйзамдарынын жоболору колдонулат.