Ар бир кызматкер өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акы алышы керек.

Эмгек акы – бул иштин мүнөзүнө жана шарттарына жараша төлөнүп берилүүчү сый акы. Ал сааттык тарифтик ченден же кызматтык эмгек акыдан, кошумча төлөмдөрдөн жана үстөк акылардан, ошондой эле сыйлыктардан турат.

Айлык улуттук валютада гана накталай, сом менен берилиши керек.

Кызматкерлердин эмгегине акы төлөө  иштеген күнү, келишилген бүтүм же башка системалар  боюнча төлөнөт. Төлөө эмгектин жеке жана (же) жамааттык натыйжалары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, минималдуу эмгек акынын өлчөмү эмгекке жарамдуу жаран үчүн белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. Бул маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин сайтынан таанышууга болот.

Эмгек мыйзамдары кызматкердин түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарууга сарптаган убактысы үчүн гана эмес, төлөөнү талап кылат.

.